Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:34

Кыргызстан жана глобалдуу саясый оюндар


Президент К.Бакиев суу-энергетикалык долбоор менен АКШ аскер базасын чыгаруу чечими глобалдык саясий оюнчулардын Кыргызстанга башкача өңүттөн кароого мажбур кылганын өлкө элдеринин Ассамблеяснын 6-курултайында билдирди. Анын жыйында сүйлөгөн сөзүнө баа берген айрым саясатчылар мамлекет башчысы президенттик шайлоо алдында ички саясатты чыңдоого аракет кылганы менен тышкы саясатка зыян келтирет деп эсептешүүдө.

Жума күнү өткөн Кыргызстан элдеринин алтынчы курултайына президент Курманбек Бакиев суу-энергетикалык жаңы долбоорлорду ишке ашырууга киришүү жана америкалык авиабазаны чыгаруу чечимин кабыл алуу менен Кыргызстан дүйнө жүзүндөгү саясий оюнчулардын катарына толук кандуу кошула ала турган тең укуктуу өлкө экендигин көргөздү деп билдирди.

-Бул суу-энергетикалык долбоор менен америкалык аскер базасын жабуу чечими. Эки чечим тең Кыргызстанды дүйнөлүк процесстердин тикелей катышуучусунун позициясына чыгарды. Ошого жараша бизге кысым жүрүп, башка өлкөлөрдүн биздин стратегиялык ресурстарга таасири этүү каалоосу күч алууда жана бул үчүн бардык каражаттар, биринчи кезекте Президенттик шайлоо колдонулмакчы,-деди президент Бакиев

Президенттин мындай билдирүүсү анын кылган иштери менен айткандары дал келишпей, карама-каршылыкты жаратууда деп эсептейт мурдагы тышкы иштер министри, парламент депутаты Роза Отунбаева. Анын баамында, Бакиев мындай билдирүүсү менен коңшу мамлекеттерге жана башка чоң державаларга доомат артуусуна негиз жок, тескерисинче өлкө башчысы мындай билидирүүсү аркылуу алар менен мамилесин бузуп алышы мүмкүн. Тэк гана бул президенттик шайлоо алдындагы мындан беш-алты жыл мурда Украинада колдонулган начар саясий технология дейт Отунбаева.

-Ошол чоң эки долбоорду президент өзүнүн колу менен түзүп алдыбы. Эми ошол аркылуу азыркы президенттик шайлоого таасир берет деп “сигнал” берип жатканы да. Ким көз кыры менен Кыргызстанды караса эле, ошонун баары К.Бакиевге каршы имиш.

Саясат таануучу Марс Сариев дагы президенттин бул билдирүүсү атайын саясий технология деп эсептейт:

-Мунун маңызы элди бириктирүүгө кылган аракет. Сырттан ушундай кысым болот деп элдин бүйүрүн кызытып, элди бириктирүүгө жасалган саясий технология. Себеби Кыргызстан элдеринин Ассамблеясында ар кайсы улуттун өкүлдөрү да. Көп улуттуу Кыргызстанга ушундай саясий технология колдонулуп жатат. Себеби президенттик шайлоо алдындагы жарышта “тышкы душмандын обрасын түзүү”, деген технология бар.

Марс Сариев белгилегендей, президент К. Бакиев ички саясатты чечиш үчүн, тышкы саясатка зыян келтирүүдө.

-Мисалы, менимче Манастагы АКШнын аскерий аба базасын башкача ыкма менен чыгарса болмок. Аны чыгарууну Орусиянын президенти Д.Медведев менен жолугушканда расмий жарыялабай, ага чейин же башкача жолдор менен билдирсе болмок. Ошон үчүн мен ойлойм ички саясатты чечиш үчүн, тышкы саясатка аябай зыяны тийип жатат. Эми ал албетте туура эмес. Бул Кыргызстандын эле эмес президенттин аброюна дагы терс таасирин тийгизет,-деди саясат таануучу Марс Сариев.

Өлкө башчысы Курманбек Бакиев ошондой эле дүйнөлүк финансылык жана экономикалык кризис өлкөнү башкаруу системасын токтоосуз реформалоону талап кылып жатканын, өзгөртүүлөр үчүн саясий туруктуулук жана реформаларга карата коомдук ырашкердик талап кылынарын белгиледи.

Үч миңинчи жылдыктагы согуштар шартында, адамдардын кулк-мүнөзүн жана маданий өз алдынчалыгын, маданий жана этникалык топторду, бүтүндөй коомдорду кыйратууга багытталган согуштар шартында өлкөнүн идеологиясынын жана маданий саясатынын ролу кескин жогорулаганын белгилеп, дүйнөлүк кризис шартында бул карама-каршылыктар күч алып, Кыргызстанды өз алдынча бүтүндүк катары сактап калуу абдан орчундуу жана оор милдетке айланганын билдирди.

Президент азыркы кырдаалдан улам улуттук коопсуздукка байланыштуу бирт катар зарылдыктар — тышкы таасирлерден, ички бөлүп-жаруучулуктан сактоо, өлкөнү башкаруу даражасын арттыруу, өз максаттарын, дөөлөттөрүн, идеалдарын жана ишенимдерин сактоого болгон коомдун жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу зарылдыгы туулганын айтты.

Курултайда К.Бакиев Жаңылануу багытындагы негизги артыкчылыктарды аныктаганын дагы бир жолу белгиледи .

XS
SM
MD
LG