Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:20

Т. Жаркынбаев: Бакиев Акаевдин катасын кайталоодо


Бийлик саясатта кыйла кемчиликтерди кетирүүдө. Жерлер сатылып, кадр саясаты аксоодо. Компартиянын Жалал-Абат облустук комитетинин 1-катчысы уюмдун Бишкекте өткөн курултайында бийликтин мүчүлүш жактарын сынга алды.

- Тагайбек мырза, сиз Кыргызстан компартиясынын курултайынан кайтып келдиңиз. Бишкектеги курултайда сиз президенттин саясатына каршылыгыңызды билдириптирсиз. Бийликке каршы сүйлөөгө кайсы жагдайлар түрткү болду?

- Биз коммунистпиз, ачык айтып, ак сүйлөшүбүз керек. Бүгүнкү бийликтегилердин көбү деле мурда коммунист болушкан. Ырас, коммунисттердин кезектеги съездинде бийликти сындап чыктым. Анын себептерин айтып берейин.

Ленин айткан: «Жер – эне, ал сатылбашы керек ( Земля не продаваемая, мать – родная)» деп. Жерлер сатылып атат. Келечектүү тармактар мамлекеттик болуусу зарыл, завод- фабрикаларга мамлекеттин өзү кожоюн болушу керек. Азыр мамлекет эч нерсе жасай албай жатпайбы!

Туура, жердин үлүш катары элге таркаталышында чекилик жок. Мен мына ошол мүчүлүштүктөрү үчүн бийликке каршы сүйлөдүм. Бирок курултай добуштарды колго салганда, көпчүлүк коммунисттер президенттик шайлоодо К. Бакиевди колдой турган болушту.

Азчылык көпчүлүккө баш иет деп айтылгандай, мен да ошол чечимди кубаттадым. Демократиялык централизм деген бар, ошон үчүн көпчүлүктүн пикирин жактадым.

-Сиз курултайда козгогон маселелерден башка да бийлик кайсы кемчиликтеринин арылса дейсиз?

- Бийликте кадр маселеси олуттуу. Азыр кардларга көңүл бурбай калышты. Кызматтарга эмгеги сиңбеген адамдар коюлуп жатат. Кадр саясаты Акаевдин доорундагыдай.

-Коомчулуктун бийлик саясаты мурдакы бийликтен айырмаланбай калды деген пикирине кошулса болобу?

- Ооба, эски бийликке окшош болуп калды.

- Маселен, кайсы жагынан окшош?

-Акаевдин доорунда да мыйзам кабыл алынбай туруп, жерлер сатылган. Азыр ал өнөкөт улантылып атат. Завод- фабрикаларды иштетебиз деп Бакиевдин өзү айткан, ал сөзүндө турбай, кемчилигин оңдобой атат. Иш алга жылсын деп, ак ниет менен сын айткандарды бийликтегилер жактырбайт.

-Сиздин көз карашыңызда Бакиев президент болгондон бери эл турмушунда оңолуу барбы?

- Оңолуу сезилбейт го! Турмуштун жакшыруусуна кыйла өбөлгөлөр түзүлүп, жер жеке менчикке берилсе да, эл оңоло албай атат.

-Бүгүнкү маяна, пенсия, жөлөк пул менен жашоого болобу?

- Алар өз убагында эле берилип аткансыйт, бирок турмуш талабына ылайык келбейт. Акча жетишпейт.

- Саясатчылардын Кыргызстанда улуттук иделогия жок деген пикирине мамилеңиз кандай?

-Оо, мен муну толук кубаттайм. Түпкү улутка күйүү жан тартуу деген болбой калды. Кыргыз мамлекети болгондон кийин улуттук идеология болуусу шарт.

-Жообуңузга ыракмат!
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG