Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:05

A. Абдрасулова: Бакиев ыйгарым укуктарын токтотмоюнча, шайлоодо теңчилик болбойт


« Кылым шамы» укук коргоо борборунун төрайымы Азиза Абдрасулова президенттикке талапкерлер арасында теңчиликке жетишүү максатында шайлоо маалында президенттин ыйгарым укуктарын аткарууну токтотуп турушун талап кылган арыз менен Конституциялык Сотко кайрылды.

- Азиза Абдрасуловна, сиз К. Бакиевдин президенттин ыйгарым укуктарын тапшырып, жарышка башка талапкерлер менен бирдей катышуусун талап кылдыңыз. Сиздин бул талабыңыз кайсы себептерден улам келип чыкты?

- Чындыгында, бардык жарандар бирдей деп, адам укуктарынын стандарттары менен Кыргыз Республикасынын Конституциясында айтылган. Шайлоо Кдексинин 28 – беренесинин 1 – бөлүгүнө ылайык бардык талапкерлер үчүн бирдей шарт түзүлүшү керек. Ошол эле берененин 2- бөлүгүнүн акыркы пунктунда бардык талапкерлер шайлоо убагында, талапкерлиги катталгандан тартып шайлоо жыйынтыгы чыкканга чейин кызматтарын тапшыруусу , же аны убактылуу токтотуп туруусу жөнүндө жазылган. Президенттин колунда эбегейсиз чоң мүмкүнчүлүктөр жана административдик ресурстар бар.

Губернатор жана министрлерден тартып, айыл өкмөт башчыларына чейин дайындалат, алар түздөн түз президентке баш ийишет. Бийликтин үч бутагы да президентке көз каранды. Мындай мүмкүнчүлүгү бар адамга караганда башка талапкерлер үчүн мындай мүмкүнчүлүктөр болбой калат да, шайлоо мыйзамы менен Конституция талаптары бузулат.

Президенттик кызматта турган киши ошо кызматка талапкерлигин кайра койгондо, сөзсүз өзүнүн жумушун убактылуу токтотуусу керек..Ошондуктан мен өзүмдүн атымдан президент жана Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоо маалында өз ыйгарым укуктарын токтотпойт деген беренени жокко чыгаруу үчүн Конституциялык Сотко кайрылдым.

- Ал талабыңызга президент Курманбек Бакиев менен БШК кандай мамиле жасады?

- БШК – аткаруу бийлиги болуп эсептелгендиктен мыйзамдык ишин аткарат. Ал эми президент Курманбек Салиевич тарабынан эч кандай жооп болгон жок.

- Ушу тапта расмий түрдө үгүттөө иши баштала элек. Бирок президент болчу кишилердин бардыгына бирдей шарт –жагдайлар түзүлгөнбү ?

- Башка жөнүндө айтпайын, президенттик кызматты аркалап тургандыгына байланыштуу президент Курманбек Бакиевдин мүмкүнчүлүгү көп болуп атат. Шайлоо мөөнөтү жарыялангандан кийин анын аракети өзгөчө болуп атат. Ал Кыргызстандын бардык аймактарына барып келди.

Чон жолдордогу атайын көрнөктөрдө К. Бакиевдин сүрөттөрү илинип турат. Башка талапкерлерде андай мүмкүнчүлүктөр жок. Мисалы, шайлоочулар башка талапкерлеге каалаган суроолорун бере албай калды. Президентти күзөтүүдө жана кортеж менен узатууда.

Президенттин жолугушуусуна атайын дайындалган жана даярдалган адамдар барышып, дайындалган суроолорду беришет. Ошондуктан президент К. Бакиев ыйгарым укуктарын тапшырып, карапайым адам катары шайлоого катышса, Курманбек Салиевич үчүн да жакшы болмок, элдин калың катмарына кирип, башка талапкерлер үчүн да…Тилекке каршы, талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк болбой атат.

- Президенттик шайлоо утурлап келатканда шайлоочулардын укугу корголуп атабы?

- Биз азырынча кыска жана узак мөөнөтүү байкоолорду жүргүзүп жатабыз. Узак мөөнөттүү байкоочулардын айтымында, шайлоого туура келбеген бир нече коркунучтуу аракеттер болуп жатат.

Алардын биринчиси – студенттерге байланыштуу. Диплом алчу студенттердин бардыгын эмнегедир 23- июлга чакырып атышат, диплом алууга. Студенттердин экзамендерин жылдырып, аларды каникулга кетирип, окуусун июлда баштаганы турушат.

Тизмеде көп мүчүлүштүктөр кайталанууда, өлгөн адамдарды тизмеге кирип калган учурлар чыгышы мүмкүн. Менин неберем окуган мектепте мугалимдер ата – энелерге кат жазып жиберишиптир «үй- бүлөңөрдө жашы жеткен канча шайлоочу бар, кимге добуш беришет” деп. Мугалимдерди да шайлоого тартып атышат. Шайлоого тиешеси барбы - жокпу, шайлоо комиссиясынын мүчөсүбү, бюджеттен акча алган мугалим, врачтар, милицияны, армияны аябай колдонуп атат да…

- Сизде президенттик шайлоонун калыс жана таза өтөөрүнө ишеним барбы?

- Шайлоонун таза өтөөрүн кепилдеген жагдайлар болушу керек. Биринчи жагдайды айттым, президенттикке талапкерлер үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөр жок жана президенттин мүмкүнчүлүктөрү жогору деп. Экинчи жагдай, булар кайсы банкта эсептерин ачууда? Эмнегедир быйыл РСКны жокко чыгарышып, БШК президенттикке талапкерлердин эсеп корун "Азияуниверсалбанкта" ачуу чечимин кабыл алган. Ал чечимдин себеби түшүнүксүз, эмне үчүн мамлекеттик банктарга ишенбестен жеке менчик банкты тандап алышкан?

Ошол БШКнын мүчөсү Елисеев мырза "Азияуниверсалбанктын" башкармасынын төрагасынын орунбасары, ошондой эле Елисеев мырза «Кыргызалтындын» башкармалыгынын мүчөсү.

Биз имиш- имиштерден угуп атабыз, "Азияуниверсалбанктын" чыныгы ээси президенттин үй бүлөсүнө тиешеси бар адам катары айтылып атат. Фонд боюнча ачык- айкындык жок. Тескерисинче, башка талапкерлердин эсептеги акчалары аябай текшерилет дагы, учурдагы президенттин фондуна канча акча түшүп атат, ал кайсы жакка жумшалары белгисиз болот.

Ошондуктан биз ушул эки маселени БШКга коюудабыз. Кийин, эгер шайлоочулардын нааразылыгын туудура турган жагдай болсо, ушул эки жагдай чоң роль ойнойт: биринчиси – президенттин ыйгарым укугун токтотпогону, экинчиси – эсеп корлордун “Азия универсалбанкта” ачылганы.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG