Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:38

Түштүк Кореядагы Азия Кубогундагы жеңиш


Түштүк Кореяда өткөн оор атлетика боюнча Азия Кубогунда эки кыргыз жигити күмүш жана коло медалды жеңип алышты. Эми алар 1-декабрда Түштүк Кореяда башталчу Азия чемпионатына да катышат.

Азия контингентиндеги 23 өлкөнүн улуттук курама командалары толук катышкан Түштүк Кореяда өткөн Азия Кубогуна каражаттын тартыштыгынан Кыргызстандан үч балбан барып катышты. Кыргызстандын намысын үч жаш балбан: Бекзат Осмоналиев, Султан Молдодосов жана Элдияр Шадманов коргоду.


Мөрөй талашуунун натыйжасы дурус болгонун оор атлетика боюнча өлкөнүн башкы машыктыруучусу, Кыргызстанга эмгек сиңирген устат Үсөн Майназаров телефон аркылуу сүйүнчүлөдү.

Анын айтымында, 56 кг. салмактагы балбандардын күч сынашуусунда өспүрүмдөр арасында Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Бекзат Осмоналиев 107 кг салмакты жулкуп көтөрүп, 127 кг. оордукту түртүп көтөрүү менен Азия Кубогунун үч күмүш медалына арзыган.

Белгилүү оор атлетчилерден Өмүржан Молдодосовдун кичүү уулу Султан дагы 62 кг. салмактагы чоюн билектер таймашында 120 кг. жулкуп, 144 кг. оордукту түртүп көтөрүү менен Азия Кубогунда бир күмүш жана эки коло медаль тагынды. Ал агалары Улан, Кутман Молдодосовдон калышпаган намыскөй экенин далилдеди. Былтыр Йорданияда өткөн уландар арасында Азия чемпионатында Султан чемпион аталып, кыргыз туусу обого көтөрүлгөн.

Султан Молдодосов 13 жашында спорт чебердигинин талабын орундаткан. Аларды оор атлетчилердин үй-бүлөсү дешет. Себеби атасы - Өмүржан агалары Эсен жана Үсөн спорт чеберлери гана болбостон өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучулар. Бир тууган агалары Улан менен Кутман Молдодосов Азия чемпионаттарынын жана Кубогунун жеңүүчүлөрү.

Султан да бул бийиктиктерди дагы жогорулатып дүйнө чемпионатынын жана олимпиада оюндарынын алтын медалдарын жеңип Кыргызстанды ааламга тааныткысы келет.

Азия аймагында Кытай, Корея, Жапон, Казакстан жана Иран жана башка мамлекеттердин спортчулары сан-сапат жагынан күчтүү экенин эске алсак бирде ач, бирде ток болуп жүргөн жигиттер Кыргызстанды эл аралык аренага таанытып жүрүшөт. Бул Азия Кубогунан кийин Түштүк Кореянын оор атлетика федерациясынын өтүнүчү менен кыргызстандык үч жигит алар менен бирге машыгууга мүмкүнчүлүк алышканын, 1-декабрда ушул өлкөнүн Чонзу шаарында боло турган жаштар арасындагы Азия чемпионатына катышаарын эл аралык калыс, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Өмүржан Молдодосов “Азаттыкка” билдирди:

-Бул мелдешке баруу үчүн көп кыйынчылыктар болду. Биз Азия Кубогуна 5-6 жигитти даярдаганбыз. Каражат маселеси кендирди кесип айла жоктон үч жигитти гана алып барууга туура келди. Ошого карабай экөө жеңип бергенде баардык кыйынчылыктар унутулуп калды. Дүйнөдөгү эң күчтүү делген кытайлык жана ирандык балбандарга каршы туруу кыйын. Себеби кийинки олимпиадалык оюндарда жана дүйнө чемпионаттарында алардан алдыга озуп байге алгандар боло элек. Ошондуктан алардыкындай шарт түзүп бере албасак да биздин жаштарга камкордук көрүп, чоң спорттогу жолуна тоскоол болбосок. Жаштарга учурунда көңүл бөлүнбөгөндүктөн башка мамлекеттерге же бөлөк тармактарга кетип калууда.

Эгерде бул жаш таланттарга азыртан камкордук көрүлбөсө Казакстанга Азия оюндарынын алтын медалын жеңип берген Бакыт Ахметовдой болуп башка коңшу өлкөлөргө кетип калышы да толук ыктымал. Себеби бул жигиттерди 2012- жылы Лондондо өтө турган олимпиадалык оюндардын баш байгелерине негизги талапкерлер экендигин оор атлетика боюнча олимпиада жана дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев да баса белгиледи.

Адистердин айтымында, мурдакы кеңеш доорундагы штанга менен машыгуу ыңгайсыз жана кооптуу. Учурдагы эл аралык талаптарга ылайык жаңы жабдуулар өлкөдө жокко эсе. Жаңы мезгил талабына ылайык, жулкуп көтөрүүдө серпилгич штанганын наркы 5-6 миң АКШ долларына барабар.

Ал эми айыл жергесинде оор атлетика менен машыгууга шарт жок. Ошентип жөндөмдүү айылдык балбандардын багы ачылбай, эл аралык аренага, мелдештерге чыгалбай турат. Ошентсе да багын сынап, чоң спортко тагдырын арнап көрүүнү каалагандар 13-декабрда Бишкектеги “Кожомкул” атындагы спорт ордосунда боло турган олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган эл аралык мелдеште өздөрүн көрсөтмөкчү.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG