Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:30

Убактылуу өкмөт Баш мыйзамдын долбоорун сунуштайт


Убактылуу өкмөт жетекчисинин конституциялык реформа боюнча орун басары Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” берген маегинде Кыргызстандын саясий системасын өзгөртүү кандай багытта болоору тууралуу сөз курду. 19-апрелде Конституциялык Кеңешме түзүлүп, жаңы Баш мыйзамдын долбоору талкууга коюлат.

- Жергиликтүү адистер менен катар эле чет элдиктер Кыргызстан мыйзамдык туңгуюкка келип капталды деп айтып жатышат. Өмүрбек мырза, сиз ушуга макулсузбу?

- Биз туңгуюкка келип такалдык, анткени президент, парламент, өкмөт бир убакытта өзүнөн өзү жок болуп, кыйрап калды. Эми мындай кырдаал, албетте, Конституцияда көргөзүлгөн эмес, ошондуктан убактылуу өкмөт түзүлүп алты ай ичинде баарын мыйзамдаштырып шайлоо өткөрүү биринчи маселе деп коюлуп жатат. Ага чейин 14 адамдан турган убактылуу өкмөт өзү президент, өзү мыйзам чыгаруучу орган -парламент, өзү өкмөт болуп иштеп турат. Албетте, бул эбегейсиз көп бийлик. Бийликтери бөлүнүп берген, иштөө тартиби аныкталган Бакиев-Кулов тандеми бир жарым жылдан өтпөй кыйрап калган.

Ал эми азыр болсо 14 адамдан турган тандем. Алардын бийлиги аныкталбаса, тартиптери аныкталбаса, канча күнгө чыдайт, качан кыйрайт деген суроо пайда болот. Бул абдан кооптуу кырдаал. Эгерде 14 адамдан турган убактылуу өкмөт ийгиликтүү иштей албаса, өлкөдө тартипсиздик, башаламандык уланат. “Африка сценарийи” боюнча жума сайын, ай сайын бийлик алмашмай адатка айланып кетиши мүмкүн. Биз муну сезип-билип турабыз, ошондуктан жеке таарынычтардан, жеке амбициялардан Кыргызстандын кызыкчылыгын жогору коюп ынтымакта иштейбиз деп аракет кылып жатабыз. Алты айга биздин ушул аракеттерибиз жетет го деп толук ишенебиз.

- Мамлекеттик бийликтин баарын өз колуна алган 14 адамдан турган убактылуу өкмөт алты айга чейин мамлекетти башкарып, анын коопсуздугун камсыз кылып турат деп кепилдикти ким берет?

- Кепилдикти 14 адам жана аларга ишенип колдогон жүздөгөн адамдар, шайлоолордо добуш берген миңдеген адамдар берет. Алардын ишенимин биз акташыбыз керек.
14 адамдан турган убактылуу өкмөт өзү президент, өзү парламент, өзү өкмөт. Албетте, бул эбегейсиз көп бийлик.


- Убактылуу өкмөттүн өзүнүн ичинде пикирлер ар түрдүү, анан саясий чечим чыгаруу кандай болуп жатат?

- Убактылуу өкмөттүн иштөө тартиби кабыл алынган. Мен жана айткандай, убактылуу өкмөт президенттин ыйгарым укугун аткарып жатканда чечим алуунун тартиби өзүнчө. Убактылуу өкмөт парламент катары аракет кылгандагы мыйзам кабыл алуунун тартиби да өзүнчө аныкталган. Ошондой эле убактылуу өкмөт аткаруу бийлиги катары чечим кабыл алчу тартиптер да аныкталган. Биз ошол тартиптерге карата иш алып барып жатабыз. Качан чечим кабыл алынып, кагаз жүзүндө чыккандан кийин гана бул убактылуу өкмөттүн официалдуу позициясы болот.

- Жогорку Кеңешти сактап калганга мүмкүн беле? Эмне үчүн иштеп турган мыйзамдуу органды жокко чыгарып койдуңар?

- Биринчиден, ал [Жогорку Кеңеш] өзүн-өзү жокко чыгарды, тарых жокко чыгарды. «Ак Жол» партиясы мыйзамсыз түзүлгөн партия, алардын кыймыл-аракетинин баары Конституцияга, мыйзамга туура эмес, жүргүзгөн саясатынын баары элге каршы келген. Мисалы, Бакиевдин үй бүлөлүк бийлигин чындап берүү, бийликти, байлыкты Максим Бакиевдин колуна топтоп берүү ошол «Ак Жол» партиясынын парламенттеги чечими менен жүрдү. «Түндүкэлектро», «Чыгышэлектро», «Телеком», биздин башка толгон-токой кендерибизди арзанга сатууну мына ошолор жасап берип, “жегени аш болсун” деп кошомат кылып турду.

Алар өзүнүн лакейлик ахвалын толук түшүндү. Бакиев кетээри менен алар автоматтык түрдө өзүнөн-өзү жок болду. Алар аракеттенип кыймыл да кылган жок! Ошентип өзүнөн-өзү өлүп бараткан парламентти реанимация кылып, ап-аптап алып келип отуруунун зарылдыгы жок дейбиз. Биз легитимдештирүүнүн башка жолун билебиз, бирок ал жана мен айткандай алты айга созулган жол.
...өзүнөн-өзү өлүп кетип жаткан парламентти реанимация кылып, ап-аптап алып келип отуруунун зарылдыгы жок.

- Баш мыйзам качан кабыл алынат? Баш мыйзамды ким жазат?

- Үч айдын ичинде референдум жарыяланып, жаңы Конституция кабыл алынат. Конституцияны эл кабыл алат. Бирок референдум жарыялоонун жол-жобосу бар. Анда президент Жогорку Кеңештин макулдугу менен референдум жарыялайт деген жери бар. Бирок азыр президент да, Жогорку Кеңеш да өкмөт болуп жаткандыктан, биз убактылуу өкмөттүн чечими менен референдум жарыялайбыз. Албетте, бул референдум туура эмес жарыяланды деген суроону пайда кылат. Бирок негизгиси добуш берүү адилет жана таза болсо, эл өзүнүн пикирин айтса, эң жогорку чындык, эң жогорку мыйзам, эң жогорку чечим ошол болот. Эл жаңы Конституцияны кабыл алат. Ал кабыл алынып бүтөрү менен жаңы шайлоо өткөрүү жарыяланат.

- Жаңы Конституциянын долбоорун ким сунуштайт?

- Жаңы Конституциянын долбоорун убактылуу өкмөт сунуштайт. Жаңы саясий системанын концепциясы мындан бир жарым жыл мурун оппозициянын чоң жыйында жактырылып, кабыл алынган. Аны Европага, Россияга, Кошмо Штаттарга чейин алпарып бет ачаарын кылып, тааныштырып келгенбиз. Бул демократиялык, саясий атаандаштыкка жол берген, экономикада эркиндикти, массалык маалымат каражаттарынын эркиндигин камсыз кылган саясий система болот.

- Өмүрбек мырза, рахмат!
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG