Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:30

Косово, Сербия өкүлдөрүнүн БУУдагы кайым айтышы


Косоволук серб христиан чырымы менен, 28-июн, 2010-ж.
Косоволук серб христиан чырымы менен, 28-июн, 2010-ж.

27 өлкө кирген Евросоюзда улуттар аралык тирештерди өз убагында дипломатиялык жолдор менен элдешүүнүн нугуна буруунун эбактан турмуш элегинен өткөн жана жетиштүү каржыланган механизмдери бар.

Бирок биримдиктин коңшуларында учкун болсо дүрт этчүдөй чырлуу аймактар кала берүүдө. Алардын бири - 1990-жылдары ар кыл улуттар ортосунда согуштар алоолонгон мурдагы Югославия. Сербиядан өз алдынчалык жарыялаган Косоводо соңку жарылуудан кийин абал кескин оорлошуп, маселе Бириккен Улуттардын коопсуздук кеңешинин шашылыш жыйынында каралды.

Коопсуздук кеңештин 6-июлдагы жыйынына Сербиянын президенти Борис Тадич менен Косовонун тышкы иштер министри Скендер Хысени катышты. Борис Тадич өткөн аптада Косовонун түндүгүндө серб тургундарынын нааразылык акциясында бир кишинин өмүрүн алган жардырууну «негизсиз зулумдук» жана «оор террордук акт» деп мүнөздөдү.

Чукул жыйын Косовонун Митровице шаарында жергиликтүү босниялык мусулман дарыгер каза таап, 11 киши жараат алган 2-июлдагы жардыруудан кийин Белград өкмөтүнүн талабы менен өткөрүлдү.

Нааразылык жыйынын Митровицеде Косово өкмөтүнүн кеңсесин ачууга каршы болгон жергиликтүү сербдер уюштурган. Бул шаарда серб улутундагылар басымдуулук кылат.

Сербиянын президенти бомба «этникалык албандар ээлик кылган үйлөрдүн короосунан ыргытылды» деп ырастады:

– Биз бардык жоопкер тараптарды Приштина өкмөтүнүн мындан аркы бейстабилдештирүү аракеттерин кайра колдоп чыккандан сак болууга чакырабыз. Этникалык албан бийликтерине мындан ары бир тараптуу аракеттер жоопсуз калбай тургандыгын эскертүү зарыл. Болбосо Сербия Косоводогу эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү менен мамилесин кайра карап чыгууга мажбур болот.

Бирок Косовонун жыйындагы өкүлү Скендер Хысени Тадичтин 2-июлдагы окуяга «террордук акт» деп берген баасын четке кагып, бул катардагы кылмыш ишин бийликтер иликтеп жаткандыгын билдирди. Хысени ошондой эле жардыргыч затты чогулгандардын арасына «нааразылыкка чыккандардын өз ичинен бирөө ыргыткан болушу мүмкүн» деген шектенүүсүн ортого салды

АКШнын Бириккен Улуттардагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Алехандро Волф бул окуяга жана анда адамдын өмүрү кыйылганына өкүнүчүн билдирип, өз баасында «бул пландалган террордук чабуул эмес» деген Косово бийликтеринин турумун колдоду. Ал катардагы кылмыш үчүн Сербиянын Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйын чакырганын сындап, буларды кошумчалады:

- Биздин түшүнүгүбүздө, айкындуулук болсун үчүн Сербиянын өкмөтүнө Митровицеде Косово өкмөтүнүн Жарандык кызматтар борбору ачылаары алдын-ала эскертилген болчу. Тилекке каршы Косово өкмөтүнүн түндүктөгү жардамга айрыкча муктаж жарандарга жардам көрсөтүү аракети акыр аягында саясатташып, Түндүк Косоводогу кырдаалды бейстабилдештирүү аракеттерине алып келди. Демонстранттар тарабынан эч кандай зомбулук, провокацияга жол берилбеши керек экендигин баса белгилегибиз келет.

Сербиянын чукул жыйын өткөрүү талабын Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү жана Сербиянын ажырашпас досу болгон Орусия колдогон. Жыйында бул өлкөнүн БУУдагы туруктуу өкүлү Виталий Чуркин түзүлгөн кырдаал үчүн Косовонун бийликтерин күнөөлөдү:

- Эл аралык коомчулуктун айрым өкүлдөрү колдогон Косовонун бийликтери түндүк Митровицеде Косовонун убактылуу институттарын ачууга аракеттенген. Бул - аймактын сербдер отурукташкан аймактарындагы стабилдүүлүктү бузууну максат кылган кызылдай провокация. Биз дагы башка бейстабилдештирүүчү аракеттер даярдалып жаткандыгын уктук. Мындай провокацияларга жол бербөө үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүшү керек.

Калктын 90 пайызын албандар түзгөн Косовонун бийликтери 2008-жылдын февралында Сербиядан өз алдынчалык жарыялаган. Бүгүнгө карата БУУнун 192 мүчөсүнүн 69у Косовону суверендүү өлкө деп тааныды.

Жыйындагы сөзүндө Сербиянын президенти Косовонун өз алдынчалык жарыялашынын мыйзамдуулугун карап жаткан Эл аралык Кылмыш сотунун келечек чечиминин маанисин баса белгиледи. Бул сот аткарылышы милдеттүү болбогон өз өкүмүн ушул жылдын этегинде жарыялайт деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG