Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:25

Казакстандан жаңы миллиардер чыкты


Дүйнөдөгү чириген байлардын санын жыл сайын тактап келаткан Forbes журналы Казакстанда мурдагы 8 миллиарддердин ордуна азыр төртөө калып, алардын катарына “ЦентрКредит” банкынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Бахытбек Байсеитов жаңы кошулганын жазып чыкты .

Эгер 2008-жылы коңшу Казакстанда 6 миллиардерлер болсо, эми алардын саны төртөө. Казакстандын чириген байлары өткөн жылы 14 миллиард долларынан кол жууган. Ошентип азыр Казакстанда төрт миллиардер бар, алардын бири – Алижан Ибрагимов. Ал жаратылыш Ресурстары боюнча Евразия корпорациясынын кожоюндарынын бири.

Экинчиси – бир кезде Бишкек гуманитардык университетинде сабак берген, кийин Казакстанга көчүп кеткен Александр Машкевич. Ал азыр Израилдин жараны. Мындан тышкары Патох Шодиев деген бай да Казакстанда жашайт, ал Белгиянын жараны. Мына ушул үч адамдын ар биринде 1,2 млрд. доллардан бар. Үчөө тең тизмеде 601- болуп турушат.

Алардан тышкары биринчи жолу Forbes журналынын тизмесине 701-орун менен Казакстандын дагы бир жараны Бахытбек Байсеитов кирди. Ал “ЦентрКредит” банкынын негиздөөчүсү жана кожоюндарынын бири. Казакстан банктары ассоциациясынын президенти. Өткөн жылдын октябрында ал «Центркредиттин» 30 пайыз акциясын корейлердин Kookmin Bankына 624 миллиона долларовга саткан.

Мындан тышкары Бахытбек Байсеитовдун колунда “Центркредит» банктын акциясынын бир бөлүгү калган. Казакстандын каржы системасын жана бүтүндөй экономикасын титиреткен кризиске карабай чет элдик экспеттер бул банкты өтө туруктуу жана ийгиликтүү өнүгүп баратат деп баалашууда.

Бир катар финансы институттары кризиске батып, банктар тараткан акчаларын кайтара албай, катуу кыйналып турган шартта «Центркредит» банктын башчысы Бахытбек Байсеитовдун ийгилиги суктандырбай койбойт.

Forbes 2008-жылы Казакстандагы дагы бир ири «Элбанктын» кожоюндары Тимур жана Динара Кулибаевдердин ар биринин байлыгын 2,7 миллиард доллардан деп баалаган. Ал эми “Казкоммерцбанктын” кожоюну Нуржан Субханбердиндин тапкан-ташыганы 1,8 миллиард доллар деп эсептеген болчу. Бул үчөө Forbes журналынын тизмесине бул ирет илинбей калышты.

Булардан тышкары казакстандык миллиардерлердин катарынан Владимир Ким да чыгып калды. Ал «Казахмыс» корпорациясынын башчысы жана кожоюндарынын бири. Ал өткөн жылы Казакстандын эң бай адамы деп таанылган.

АТФ банктын көзөмөл пакетин саткандан кийин 1 млрд. доллары бар деп эсептелип келаткан Болат Утемуратов мурда президенттик администрациянын башчысы болуп иштеген.

Ошентип бул бешөө тең - Владимир Ким, Тимур и Динара Кулибаевдер, Нуржан Субханбердин жана Болат Утемуратов дүйнө миллиардерлеринин катарына бул жолу кошулбай калышты.

"Форбс" журналынын басып чыгаруучусу жана редактору Стив Форбс байлардын санынын азайып жатышынын себебин мындай түшүндүрөт:

- Кыймылсыз мүлктүн наркы түшүп, табигый ресурстардын куну кетти. Караңыз, Орусияда былтыр 87 миллиардер бар эле, быйыл 32си гана калды. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр өзгөчө жабыр тартты. Түркияда миллиардерлердин саны 35тен 13кө, Индияда 53төн 24кө, Кытайда 42ден 28ке түштү.


Өткөн жылы эң көп акчасынан ажыраган бай адам деп индиялык Анил Амбани саналып жатат. Дүйнөлүк кризис маалында ал 32 миллиард долларынан ажыраган экен. Негизи индиялык байлар 230 миллиард долларынан ажыраган.

Forbes журналынын маалыматы боюнча дүйнөлүк кризис эң бай адамдардын капчыгын кыйла эле каккан экен. Өткөн жылы дүйнөдөгү миллиардерлердин саны 1123төн 793кө кыскарган. Башкача айтканда алардын байлыгы 23 пайызга азайган, бул болсо 2 триллион доллар.

Жер шарындагы эң бай адам - Билл Гейтс. Ал 2008-жылы 18 млрд. долларынан кол жууган, бирок азыр анын 40 млрд. доллары бар.





Экинчи орунда инвестор Уоррен Баффет, ал 2008-жылы 25 млрд. долларынан ажырап калганы менен, 37 миллиард долларды мыкчып отурат.




Дагы бир чириген бай Карлос Слим Эллу - Мексикадан. Ал дагы өткөн жылы 25 млрд. долларынан ажыраган. Бирок 35 млрд. менен 3-орунда.

Ошентип, былтыр дүйнөнү алкымдан алган кризистин запкысын көбүнчө Азия менен Чыгыш Европадагы байлар тарткан экен. Алардын арасынан Казакстан менен Польшанын бардар адамдары бир топ кыйналганы айтылат.

Орусияда 32 миллиардер калды, мурда 87 болчу. Эң бай орус азыр Михаил Прохоров, ал «Форбс» журналынын тизмесинде 9,5 миллиард доллары менен кыркынчы орунда турат.

Бай адамдардын саны боюнча биринчилик АКШда. Кошмо Штаттарында 359 бай адам бар. Мурунку жылы 469 болчу.

XS
SM
MD
LG