Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:59

Жапония Москвадагы элчисин чакыртып алууда


Кунашир аралы
Кунашир аралы

Жапония Москвадагы элчисин убактылуу чакыртып алуу чечимин жарыялады. Орус президенти Дмитрий Медведевдин эки өлкө талашып жаткан Курил аралдарына барышы дипломатиялык кыйчалышка алып келди.

Жапониянын премьер-министри Наото Кан Медведевдин 1-ноябрда Курил аралдарынын курамындагы Кунашир аралына барышын дароо айыптады: "Биз бул 4 арал тең Жапониянын аймагы деген позициябызда бекем турабыз. Президенттин ал жакка баруу чечими өтө өкүнүчтүү".

Жапониянын тышкы мекемеси ошол эле күнү Орусиянын Токиодогу элчиси Михаил Белыйды чакыртып нааразылыгын билдирди.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров

Ага жооп кайтарып Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жапон өкмөтүнүн мындай реакциясы "кабыл алынгыс, аралдар Орусиянын аймагы, президент орус жергесине барды" деп кесе айтты: "Орусия менен Жапониянын мамилелерине мындан ары терс таасир тийгизе турган кадамдарга барбайбыз. Бирок Жапония да керектүү жыйынтык чыгарышы керек".


2-ноябрда болсо Жапониянын тышкы иштер министри Сэйдзи Маэхара Москвадагы элчини убактылуу чакыртып алуу чечими кабыл алынганын жарыялады.

Токио аралдар проблемасын Медведев менен талкуулоого даярдыгын буга чейин билдирип келген. Маселе ай ортосунда Азия Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун саммиттинде сөз кылынышы мүмкүн деп айтылган. Бирок Жапония тышкы иштер министринин айтымында, лидерлердин жолугушуусу тууралуу соңку чечим кабыл алына элек.

Талаштын тарыхы узак

Талашка түшкөн аралдар Экинчи Дүйнөлүк согуштун аягында СССР тарабынан оккупацияланган. 1946-жылдан бери Курил аралдары Орусиянын Сахалин облусунун курамына кирет. Жапония аларды кайтарууну талап кылып келатат. Талаштын айынан эки өлкө ортосундагы тынчтык келишимине расмий түрдө кол коюла элек.

Орусиянын лидери Д.Медведев Кунашир аралына жасаган сапары маалында. 1-ноябрь, 2010-жыл

Медведвге чейин Курилдерге Орусиянын бир да президенти барган эмес.


2005-жылы Европарламент аралдарды оккупацияланган аймак катары тааныган резолюция кабыл алып, аларды Жапонияга кайтарууга үндөгөн. Орус мамлекет башчысынын сапарынан кийин АКШ тараптарды жер талашын жөнгө салууга үндөдү. Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Филип Кроули мындайча комментарийледи: "Жапониянын Түндүк аймактары боюнча турумун колдойбуз. Ошон үчүн жылдардан бери Жапония менен Орусияны ушул жана башка маселелерди чечип, тынчтык келишимине жетишүүгө үндөп келатабыз".

Токио ушу тапта Бээжин менен мамилелерин жөнгө салуу аркетин да көрүүдө. Эки өлкө Чыгыш Кытай деңизиндеги аралдарды талашып келатышат. Араздашуу Азиядагы эң ири 2 мамлекеттин ортосундагы экономикалык кызматташтыкка залакасын тийгизүүдө.

XS
SM
MD
LG