Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:48

Ирактык шийилер аза күтүүдө


Ирактыктар 26-августта Тегеранда өпкө рагынан каза тапкан шийи лидери Абдел Азиз ал-Хакимди акыркы сапарга узатышты.

Ирактагы кубаттуу саясий күч болуп эсептелген Шийи мусулмандар партиясынын лидери Азиз ал-Хакимдин көзү өткөндөн кийин эми өлкөнүн саясий айдыңында кандай өзгөрүү болот деген суроо туулат. Алдыдагы парламеттик шайлоого бир нече ай калды жана ал күрөштө өлкөнүн калкынын көпчүлүгүн түзгөн шийилер бийлик үчүн күрөшөөрү шексиз дешет серепчилер. Ошондой эле бул күрөш Ирактын Жогорку Исламдык Кеңешинин башына маркум Азиз ал-Хакимдин уулу Аммар ал-Хакимби же башка жаңы жетекчилик келээрин да көрсөтөт.

Өлкөнүн вице-президенти, Ирактын Жогорку Исламдык Кеңешинин мүчөсү Абдел Махди маркум Азиз ал-Хакимдин Саддам Хусейндин бийлигин кулатууга кошкон салымын белгилеп, анын дүйнө салганы өлкөнүн саясий турмушунда тунжуроо пайда кылаарын айтты:

- Мен Ирак элине жана жалпы Ислам дүйнөсүнө шийилердин улуу жол башчысы Мохсен ал-Хакимдин уулу, жаңы Ирак мамлекетинин таасирдүү лидери Азиз ал-Хакимдин дүйнөдөн кайтканына карата көңүл айтам. Азиз ал-Хаким Саддам Хусейндин бийлигин кулатууга чоң салым кошкон. Албетте, анын көз жумганы өлкөнүн саясатындагы оор жоготуу.

Ирактын Жогорку Исламдык Кеңешинин дагы бир мүчөсү Хамад ат-Турайфи Азиз ал-Хакимдин өлүмү Ирактагы саясий абалга терс таасирин тийгизүүсү мүмкүн деп божомолдойт:

- Анын өлүмү өлкөнүн саясий турмушуна таасир тийгизе турганды айдан ачык. Ал Ирактын саясий айдыңында таасирдүү адам болгондуктан, анын өлүмү саясий жараянга терс таасирин тийгизет. Эми бир гана Кудай сактасын демекчимин.

Азиз ал-Хаким жыйырма жылдай Иранда сүргүндө жашап, Саддам Хуссейндин бийлигине каршы турган саясатчылардын бири болгон. Ал жерде улуу агасы Аятолла Мухамед Бакир ал-Хаким менен бирдикте Ирак Ислам революциялык Жогорку Кеңешин кийинчерээк Ирактын Жогорку Исламдык Кеңеши деп аталган уюмду түзгөн.

Ага-ини ал-Хакимдер Саддамдын бийлиги кулагандан көп өтпөй эле Иракка кайтып келишкен. Тилекке каршы, 2003-жылдын август айынын этегинде Нажаф шаарынданы мечиттин жанына түшкөн бомбадан Мухамед Бакир ал-Хаким баш болгон сексендей киши набыт болот. Бул мезгилде Азиз ал-Хаким Жогорку Кеңештин жетекчилигин аркалай баштаган эле. 2007-жылы анын өпкө рагы менен ооруганы аныкталып, Тегерандагы ооруканада дарылана баштайт.

Азиз ал-Хакимдин узак дарылануу учурунда анын 38 жаштагы уулу Аммар ал-Хаким мураскер катары айтыла баштаган. Атасынын оорусу күчөп турган кезде, Аммар ал-Хаким бир айча Жогорку Кеңештин төрагалык милдетин аткарган.

Соңку кезде өлкөдөгү айрым сунни топтору Ирактын Жогорку Исламдык Кеңеши менен байланыш түзө баштаган. Бул болсо алардын саясий салмагын өстүрүп, алдыдагы шайлоодогу мөрөйгө түрткү берет.
Ошол эле кезде Ирак шийилеринин ичинде кармаш башталганы да айтылууда. Азиз ал-Хакимдин көз жумаарынан эки күн мурун радикалдык шийилердин улантуучулары Муктада ал-Садар баш болгон топ Жогорку Кеңешке январда боло турган парламенттик шайлоого жаңы альянс түзүп бирге барууну сунуштаган.

Бирок жаңы түзүлгөн Ирактын Улуттук Альянсына өлкөнүн премьер-министри, Даува партиясынын жетекчиси, Вашингтондун колдоосуна ээ шийи Нури ал-Малики кирбей калган. Серепчилердин айтуусунда, Ирактын Жогорку Исламдык Кеңешинин ичиндеги ажырым бир жагынан шийилердин бийлик очогунда жаңы көз караштарды пайда кылса, экинчи жагынан АКШ менен коңшу Ирандын тилин табууга мажбурлайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG