Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Грузин оппозициясы бийликке катуу талап койду


"Бириккен улуттук кыймыл" партиясынан талапкер болгон Григол Вашадзе нааразылык акциясында, 2-декабрь, 2018-жыл.
"Бириккен улуттук кыймыл" партиясынан талапкер болгон Григол Вашадзе нааразылык акциясында, 2-декабрь, 2018-жыл.

2-декабрда Тбилисиде миңдеген адам көчөгө чыгып, президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну бийликтен талап кылышты. 28-ноябрда Грузиядагы шайлоонун экинчи айлампасында бийликтеги партия колдогон талапкер Саломе Зурабишвили жеңген.

Жекшембиде чогулган элдин алдына чыккан оппозициялык "Бириккен күч" кыймылынан талапкер болгон Григол Вашадзе саясий кризистен чыгуунун жолу катары шайлоо системасын түп-тамырынан бери өзгөртүп, мөөнөтүнөн мурун шайлоо өткөрүүнү сунуш кылды.

Тбилисинин Руставели проспектисинде уюшулган нааразылык митингине миңдеген адам чыкты. Оппозициянын лидерлери шайлоодо добуш сатып алуу жана бурмалоо сыяктуу мыйзам бузуулар болгонун белгилешти.

Эл алдына чыккан Вашадзе колундагы бир топ паспортту "жалган паспорттор" деп чогулгандарга көрсөттү. "Булар мындан 10-20 жыл мурун көзү өткөн грузин жарандарынын документтери. Алар көрүстөндө жаткан жеринен туруп келип, Бидзина Иванишвилинин талапкерине добуш бериштиби? Биз суктанып жашап жаткан демократия ушубу?" - деди оппозициянын мурдагы талапкери.

Вашадзе бириккен оппозиция шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну суранып, сотко арыз даярдап жатканын жарыялады.

Улам чыгып сүйлөп жаткан активисттер шайлоодогу мыйзам бузуу фактыларын аныктоо үчүн атайын жумушчу тобун түзүүнү сунуш кылышты.

Грузин оппозициясы койгон талабын аткарууга бийликке 16-декабрга чейин мөөнөт берди.

Вашадзенин жактоочуларынын бири Михаил "бул жерге шайлоо акыйкат өтпөгөндүктөн келдим. Шайлоодо толгон-токой көз боёмочулук болуп, бурмаланды" - деп, көптөгөн шайлоочулар оппозициялык талапкерге добуш бергенин эскертти.

Аянтка келген Медеа Кикнадзе мөөнөтүнөн мурун шайлоо өткөрүүнү колдогондордун бири. ​“Биз шайлоонун бурмаланган жыйынтыгын кабыл ала албайбыз. Оппозиция мөөнөтүнөн мурун шайлоо өткөрүүгө аракеттенип, өз мүдөөсүнө жетиши керек" - деди орто жаштагы аял.

Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили шайлоонун экинчи айлампасынын алгачкы жыйынтыгы чыгар замат эле жактоочуларын нааразылыкка чыгууга үндөгөн. Жекшембидеги акциянын катышуучуларына да видео байланыш аркылуу кайрылуу жасады.

Саакашвили аянтка орнотулган чоң экрандан "Артка жол жок. Күрөш жеңиш жана олигархтардын бийлигин алмаштыруу менен аяктайт. Бул күрөштө мен силердин катардамын. Силер «кел» деп чакырар замат, мен жетип барам" - дегенде чогулгандар кыйкырык-сүрөөн менен колдошту.

Экс-президентке өз мекенинде сыртынан соттун өкүмү чыккандыктан, Тбилисиге барса дароо камалат. Ал ушул тапта Европада жашайт.

Президенттик шайлоонун эки башкы талапкери тең Саакашвилинин администрациясында тышкы иштер министринин кызматын аркалашкан.

2003-жылы Грузиядагы "роза ыңкылабында" атагы чыккан Саакашвили өлкөнү 2013-жылга чейин башкарган. 2012-жылдагы парламенттик шайлоодо анын партиясы таанымал ишкер Бидзина Иванишвилинин "Грузин кыялы" партиясына утулуп калган.

28-ноябрдагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында болсо бийликтеги “Грузин кыялы” колдогон көз карандысыз талапкер Саломе Зурабишвили жеңди. Борбордук шайлоо комиссиясы ал шайлоочулардын добушунун 60% алганын жарыялады. Анын атаандашы, оппозициялык «"Бириккен улуттук кыймылдын" талапкери Григол Вашадзе 40% добуш алган.

Борбордук шайлоо комиссиясы көз карандысыз байкоочулардан 261 арыз келип түшкөнүн билдирген. Шайлоого байкоо салгандар, анын ичинде "Transparency International – Georgia" уюму добуш берүүнүн купуялуулугун бузуу, шайлоочулардын добушун сатып алуу жана анын жыйынтыгын бурмалоо сыяктуу мыйзам бузуу фактыларын каттаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG