Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:29

FREEDOM HOUSE КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ДЕМОКРАТИЯНЫН АБАЛЫН КАНДАЙ БААЛАДЫ?


Амирбек Усманов, Прага Эларалык "Фридом Хаус" уюму өткөөл мезгилди баштан кечирип жаткан Ортолук Европа, ошондой эле Евроазия өлкөлөрүндөгү демократиянын абалы жөнүндөгү жылдык изилдөөсүн жарыялады. Анда Ортолук Европада демократиялык чоң өзгөрүүлөр болуп жатканы, ал эми мунай, газга бай постсоветтик республикаларда авторитардык бийлик күчөй баштаганы белгиленет. Кыргызстан болсо 2005- жылкы ынкылаптын үзүрүн пайдаланып, демократияны кеңири өнүктүрбөгөн.

"Фридом Хаустун" изилдөөсүндө мунай-газга бай экс-советтик үч өлкөдө: Азербайжан, Казакстан жана Россияда акыркы он жыл ичинде демократиянын абалы кыйла начарлап кеткени белгиленет. Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстанда дагы жагдай осолдоп барат. Демократиянын абалын баалоодо шайлоо жараяны, көзкарандысыз басма сөздүн абалы, соттордун көзкарандысыздыгы, коррупциянын деңгээли сыяктуу көрсөткүчтөр пайдаланылган.

Береги докладдын чыгышына байланыштуу «Эркин Европа/Азаттык» радиосунда "Фридом Хаустун" изилдөөлөр боюнча директору Христофер Уолькер жана башка изилдөө борборлорунун талдоочулары катышкан талкуу өттү. Уолькер Кыргызстандагы демократиянын абалы жөнүндөгү суроого, өлкөдө оң жылыштар жок экенин айтты:

- Кыргызстан (демократиядан) артка кетип жатканын далилдер күбөлөйт. 2005- жылкы саясый окуялар демократия кеңири өнүгөт деген үмүттү жараткан. Андай болбоду. Акыркы жылдарга көз чаптырып көрсөк, жаңылбасасм Кыргызстан төрт багытта артка кетти. Эгер Борбор Азиянын өлкөлөрүнө салыштырсак, Кыргызстанда али да басма сөз бир кыйла эркин экенин көрөбүз. Мындай эркиндик башка өлкөлөрдө жок. Биздин өткөөл жолундагы өлкөлөр боюнча жүргүзгөн изилдөөбүздөн Кыргызстан үч жыл мурда күтүлгөндөй багытта өнүкпөгөнүн көрөбүз.

Ушундан улам, Кыргызстанга 5, 93 упай берилген. 2005- жылы өлкөгө 5, 64 упай берилген эле. Упай канчалык көп болсо, абал ошончолук начар саналат.

«Азаттык» радиосунун серепчиси Брюс Панниэр да көзкарандысыз медиа Борбор Азияда жалгыз Кыргызстанда экенин белгилей кетти:

- Борбор Азияда көзкарандысыз басма сөз болсо Кыргызстанда бар. Түркмөнстанда жана Өзбекстанда эркин медиа жок. Тажикстанда эркин медиа финансылык кыйынчылыктарга байланыштуу араң өмүр сүрүүдө. Бирок, айрым окуяларга караганда, алар өкмөттүн акырына байланган. Казакстанда көзкарандысыз медианы негизинен президенттин бай достору сатып алган.

Панниэрдин айтышынча, Борбор Азиянын беш өлкөсүндө тең мыйзам чыгаруу жана сот бийликтери аткаруу бийлигине карап иш жүргүзөт:

- Борбор Азиянын бардык мамлекеттеринде мыйзам чыгаруу жана сот органдары аткаруу бийлигине көзкаранды. Бул конституцияда жазылбаса да, алардын системалары азыр ушундай иштейт. Беш өлкөнүн парламенти тең президентчил партиялардын мүчөлөрү менен толтурулган.

XS
SM
MD
LG