Жыйырма жыл мурда өлкөнүн тарыхын жаңы нукка бурган окуялар 17-ноябрда башталган. Карлов университетинин бир нече окуу корпусу жайгашкан жерде студенттер аламан жыйын өткөрүшүп, андан соң шаардын борборундагы Вацлав аянтын көздөй жүрүшкө чыгышат. Полиция алардын жолун тосуп, кууп таркатат. Мунун арты нааразылык толкунуна айланат. Эки апта бою азан-казан митингдер токтобой, жалпы өлкөдө массалык иш таштоо өткөрүлөт. 28-ноябрда компартия бийликти өткөрүп берет, 5-декабрда жаңы өкмөт түзүлөт, 28-декабрда парламент Вацлав Гавелди Чехословакиянын президенти кылып шайлайт. 1993-жылы чехтер менен словактар өзүнчө эгемен эки мамлекетке бөлүнөт.
Кечээки салтанаттарда шаарлыктар студенттердин алгачкы толкуну полиция менен кагылышкан жерге шам жагышты,гүлдестелерди коюшту. Студенттер жыйырма жыл мурдагы демонстрациялардын изин кайталап, жөө жүрүш өткөрүштү. Борбордук аянтта оюн-зоок өткөрүлдү.
Сенаттагы маалымат жыйынында өлкөнүн өкмөт башчысы Ян Фишер cоңку 20 жылдагы өзгөрүштөрдү баяндап, элге эркиндик кайтарылганын, демократия институттары тикеленип, эркин рынок түзүлгөнүн, өлкө НАТОго жана Евросоюзга мүчө болгонун белгиледи.
Экс-президент Вацлав Гавел жибек ыңкылабына катышкандар "социалдык ар түрдүү катмардан чыккан, ар кандай саясий жана идеологиялык көз караштарды карманган адам болгонун, ошентсе да алар ийиндеше иштеше алганын айтып, мунун себебин баары түпкү, жалпы асылнарктарды түп тутканы менен түшүндүрдү.
Телеканал аркылуу калкка кайрылган сөзүндө Гавел азыркы чырмалышкан,түйүндөш дүйнөдө басмырланып жаткандарга кайдыгер караганга болбой турганына, эркиндик эңсегендерге колдоо көрсөтүү керектигине токтолду. "Эриксиз абалда жашап жаткандарга тилектештик билдирбей туруп жеке адамдын эркиндигин ташбыйкат кыла албайбыз. Адам укугун тек гана материалдык-техникалык базанын идеялык чатырчасы катары караган коом бакубат коом боло албайт",- деп айтты Гавел.
Бир катар байкоочулар соңку жылдары посткоммунисттик аймакта болуп өткөн "түстүү революцияларды", алардын ичинде Кыргызстандагы окуяларды Чехиядагы ыңкылаптын уландысы катары карап жүрүшөт. Айрымдар алардын артынан АКШнын шыкагын да көрүшөт.
Ушуга байланыштуу Гавел жыйырма жыл мурдагы окуяда Америка диссиденттерге жана адам укуктарына коомдук колдоо көрсөткүнүн, АКШнын салымы ушунда болгонун баса бөлүп белгиледи. "АКШ чын эле эч кандай революцияга тукурган эмес. Тек гана адам укуктары үчүн күрөшкөндөрдү колдогон, аларга тилектештик билдирген".
Гавел 1989-жылы 17-ноябрда студенттердин жүрүшүн күчкө салып басып, бийлик "кар күрткүдөй" кырдаал түзгөн деп эскерди. "Көчкү качан жүрөрүн эч кимибиз билген эмеспиз, бирок эрте-кечтир ал баары бир болбой коймок эмес – муну баары билип, күтүп турган".