Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:43

Чехиянын Евробиримдиктеги “оомал-төкмөл” төрагалыгы аягына чыкты


Адатта кайсы бир өлкөнүн Евробиримдикке төрагалык кылуусу катардагы көрүнүш катары кабыл алынып келген. Бирок Чехиянын акыркы алты айдагы Евробиримдикке төрагалык кылуусу бир топ опсуз окуялар менен коштолду. Чехиянын төрагалыгы кандай өттү?

Франциянын “Le Figaro” гезити Чехиянын Евробиримдикке төрагалыгы башаламандык менен башталып, ошондой эле жолойдо аяктады деп жазат.

Бул бир жагынан караганда адилетсиз баа болушу мүмкүн. Бирок алты ай бою Евробиримдикке төрагалык кылган Чехия улам бир жаңжалдын башында турду.

Чү дегенде эле Евробиримдиктин Лиссабон келишиминин сынчыларынын бири, Чехиянын президенти Вацлав Клаус жаңжалдуу билдирүү жасады.

Февралда Европа парламентинде сүйлөгөн сөзүндө Вацлав Клаус “Евробиримдик демократиянын таңкыстыгына тушукту” деп, Биримдиктин лидерлеринин сынына кабылды.

Дагы бир мисал келтириш керек болсо, көптөр “Энтропа жаңжалынан” кабардар болсо керек. Энтропа – чех сүрөтчүсү тарабынан даярдалган Евробиримдиктин саясий картасынын кеби. Анда Болгария дааратканага окшоп жасалгаланганы расмий Софияны нааразы кылып, көркөм композициянын автору, чех сүрөтчү Дэвид Черный “чыгармачыл ээнбаштыгы” үчүн кечирим сураган:

- Биз кайсы бир улуттун намысына тийген үчүн абдан өкүнүчтөбүз.

Бул жаңжалдан көп өтпөй, март айында Чехияда саясый кризис тутанды. Парламентте ишеним жоготкондон кийин өкмөт башчы Мирек Тополанек кызматынан кетти:

- Башмыйзамга ылайык, мен кызматтан чегингендигим тууралуу арызды президентке тапшырам.

Ички саясий тирештин натыйжасында кызматынан чегинген Мирек Топаланек кийинки күнү АКШнын экономикалык кризис менен күрөшүү аракеттерин “тозокко жол” деп сыпаттады.

Мына ушундай жаңжалдуу окуялардан кийин фотосүрөттөрдүн чыры чыкты. Чехиянын гезиттери Италиянын премьер-министри Силвио Берлусконинин вилласында жылаңач жүргөн Мирек Топаланектин сүрөттөрүн жарыялашты. Бир нече күндөн кийин Чехиянын мурдагы өкмөт башчысы Топаланек сүрөттө чын эле өзү болгонун тастыктады.

Серепчи Ричард Уитмор Чехиянын төрагалыгы “түрдүү боекторго бай” болду деген баасын берүү менен, Чехия төрагалык кылган мезгилде каржы кризиси, Израилдин Газа тилкесине чабуулу өңдүү бир катар оор кырдаалдар түзүлгөнүн белгилейт.

Ричард Уитмордун баамында, бир катар чуулгандуу окуяларга карабастан Чехия төрагалык кылган мезгилде ийгиликтер да болбой койгон жок. Мисалы, Чехия январда Орусия менен Украина ортосундагы газ жаңжалын жөнгө салды:

- Сырткы саясатта өтө даанышмандык менен иш алып барган Чехия газ чатагын жөнгө салды. Мындан сырткары Евробиримдикти кеңейтүү маселеси көтөрүлгөндө, Чехия Биримдиктин эшиги жаңы мүчөлөргө ачык деп, ага умтулган өлкөлөрдө үмүт отун жандырды.

29-июнда маалымат жыйынында Чехиянын премьер-министри Ян Фишер алты айдын жыйынтыгын чыгарып, бул аралыкта жетишилген ийгиликтерге токтолду.

Ян Фишер Евробиримдик протекционизмге каршы болгонун, май айында “Батыш өнөктөштүгү” программасына экс-советтик алты өлкө киргенин белгиледи.

1-июлдан тарта Евробиримдикке төрагалык Чехиядан Швецияга өтөт. Байкоочулар Чехияга караганда Швециянын төрагалыгы тынч өтөт деп ишенет.

XS
SM
MD
LG