Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:55

Тоолуу Карабак кайрадан көңүл борборунда


Соңку бир аптада Азербайжан чек ара тилкесиндеги атышуудан төрт аскерин жоготконун ырастады.
Соңку бир аптада Азербайжан чек ара тилкесиндеги атышуудан төрт аскерин жоготконун ырастады.

ЕККУнун Азербайжан менен Армения ортосундагы Тоолуу Карабак чатагын жөнгө салуу боюнча Минск тобунун тең төрагалары токтоп калган сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын баштоо үчүн кечээ аймакка барышты. Мунун алдында алар эки тарапты сабырдуулукка чакырган билдирүү жасашты.

Тоолуу Карабак маселеси ушул айда БУУнун Башкы ассамблеясында да талкууланган жатат. Азербайжан сунуш кылган резолюция долбоорунда армян тарап каршы чыгууда.

Тоолуу Карабак анклавы Азербайжандан де-факто ажырап кеткендигине өткөн аптада туура он сегиз жыл толду. Ага байланыштуу Карабактын борбору Степенакертте өткөн салтанатта Баку бул аймакта эч убакта кайра көзөмөл орното албай тургандыгы, ал чатакты күч менен чечүүгө умтулуп жаткандыгы айтылып, айыпталды.

Азербайжандын Тоолуу Карабактагы көзөмөлүн кайра орноткон тынчтык келишимин Армения да эч убакта кабыл албай турганына армян президенти Серж Саркисян да ошол датаны утурлай жасаган билдирүүсүндө токтолду. Армян президенти белгилегендей, Тоолуу Карабак маселеси тынчтык жол менен жалгыз гана жыйынтык - анын көз көз карандысыздыгы эл аралык деңгээлде таанылганда гана чечилет. Ошол эле учурда Азербайжан да акыр бир күнү Тоолуу Карабакты кайтарып аларын эскертүүдө.

Алиев Желек аянтын ачууда.
“Биздин желек – биздин сыймыгыбыз, биздин жаныбыз. Ал Карабакта, Ханкендиде жана Шушиде желбирейт. Ал күндү мүмкүн болушунча тезирек алып келиш үчүн биз баарыбыз жигердүү иштешибиз керек жана биз муну жасайбыз”,-деди азери президенти өткөн аптада Улуттук желек аянтын ачуу учурунда.

Азери тарап соңку бир апта ичинде эки ортодогу тилкедеги кагылыштардан кеминде төрт азери аскер мерт болгонун ырастады. Бирок атышуулардын чыгыш себептери, ким оозунуп ок ачканы боюнча эки жак эки башка түшүндүрмө беришти. Азери тарап армян тарап да үч жоокерин жоготконун айтса, Армения колдогон Тоолуу Карабактын күчтөрү муну ырастаган жок.

ЕККУнун тараптарды сабырдуулукка чакырган жана ортомчулук кылуучу Минск тобунун тең төрагаларынын аймактагы азыркы сапары эки жактан мына ушундай риторика айтылып, ок атышууну токтотуу жөнүндөгү келишимдин эрежелери бузулуп жаткан учурга туш келди. Алар кечээ Бакуда болушту, андан ары Тоолуу Карабакка жана Арменияга барышат. Ошондой эле алардын сапары Тоолуу Карабак маселеси БУУнун башкы ассамблеясынын келерки аптада башталып жаткан жыйынында да талкууланар алдында болууда. Бакулук саясат таануучу Расим Мусабеков Азербайжан ал жыйынга сунуш кылып жаткан резолюциянын маңызы тууралуу “Азаттык” радиосуна буларды айтты:

-Резолюциянын маңызы мында жатат: Тоолуу Карабактагы 100 миң армян өзүнө сөзсүз көз карандысыздыкты талап кылууда. Тоолуу Карабактан тышкары Азербайжандын дагы жети району оккупацияланган, ал жактан 700 миң азербайжан куулган жана алар эң жөнөкөй укуктарынан ажыраган. Азербайжан азыркы учурда дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн, дагы бир жолу кайталайм, 700 миң адам курмандыгы болгон гуманитардык катастрофага бурган резолюцияны сунуш кылды.

Саясат таануучу Расим Мусабеков “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде кошумчалагандай, эгер “оккупацияланган аймакктардагы” абал боюнча резолюция кабыл алынып калса, укуктук эмес, саясий күчкө ээ болот. Башкача айтканда, “ким кимдин тарабында” экенин көргөзөт. Бирок Армения жана Армения колдогон Тоолуу Карабактын бийликтери бул резолюция долбооруна каршы чыгып жатат. Алардын пикиринде, мындай аракет жаңжалды тынчтык жолу менен чечүү боюнча эл аралык ортомчулардын узактан берки аракеттерине кийлигишкендик болот. Тоолуу Карабактын президенти Бако Саакян мындай дейт:

Бако Саакян
- Азербайжан мындай аракеттерди (Улуттар уюмунда резолюция кабыл алдыруу боюнча) мурда да жасап келген. Акыркы жылдары алар ЕККУнун Минск тобунун иши өзүн актаган жок деген сөздөрдү бир нече жолу билдиришкен жана алар маселени башка эл аралык мекемеге, өзгөчө Улуттар уюмуна которууга аракеттенүүдө.

Минск тобу - ЕККУнун органы. Уюмдун мамлекет башчылар деңгээлиндеги саммити быйыл декабрда Казакстанда өткөнү жатат. Бакулук саясат таануучу Расим Мусабековдун саммитте Карабак маселеси боюнча баяндама угулары күтүлгөндүктөн, Минск тобу ага чейин жаңжалды жөнгө салуу жараянын алдыга жылдыруу аракетин көрөт. Эгер андан майнап чыкпаса, мындай ортомчулуктун келечеги барбы деген маселе да көтөрүлүшү мүмкүн. Ортомчулардын Минск тобуна АКШ, Орусия, Франция кирет.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG