Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:20

Карзай экинчи айлампага кабылуусу мүмкүн


Шайлоодо орун алган укук бузуулар боюнча комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгында ооган президенти Хамид Карзайдын добуштарынын саны 50%дан төмөндөөрү күтүлүүдө. Мындай шартта мыйзам боюнча экинчи айлампа талап кылынат.

Ооганстанда быйыл 20-августа өткөн президенттик шайлоонун башкы талапкерлерин улам тереңдеп бара жаткан шайлоо кризисин чечүүгө чакыруу максатында ушул аптада эле Кабулга четтен жогорку даражалуу чабармандардын бир нечеси келди. Анткени шайлоо кризиси Ооганстанды стабилдештирүү боюнча эл аралык аракеттерге олутуу коркунуч туудурууда.

Чет өлкөлүк чабармандардын соңкуларынын бири, Франциянын тышкы иштер министри Бернард Кушнер жекшембиде Кабулда президент Карзай жана анын шайлоодогу башкы атаандашы, мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла менен өз-өзүнчө жолуккан соң, кабарчылар менен маегинде шайлоодон кийинки кырдаалдан чыгуунун жолун табыш үчүн эки талапкер “бирге” иштөөсү керектигин баса белгиледи:

- Алар экөө тең бирге иштөөнүн зарылдыгы жөнүндө айтышты. Бул өкмөт болобу же топ болобу, мен билбейм. Бирок буга окшогон шайлоодон киийин чогуу иштөө - Ооганстандын кызыкчылыгындагы иш жана абдан зарыл нерсе.

Соңку күндөрү шайлоо кризисине байланышкан тынчызданууларын билдирүү үчүн Карзай жана Абдулла менен БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун, британ өкмөт башчысы Гордон Браун, АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон телефондон сүйлөштү. Ал эми америкалык демократ сенатор Жон Керри Кабулга келип кетти.

Ооганстандын мыйзамдары боюнча шайлоо боюнча даттанууларды иликтеген комиссия өз тыянагын өлкөнүн Көз карандысыз шайлоо комиссиясына берет. Ал добуштардын санагына алымча-кошумчасын киргизип, соңку жыйынтыкты жарыялайт.

Ал эми талаш туудурган баштапкы жыйынтыктар боюнча Карзай 54%дан ашуун добуш менен алдыда. Атаандашы Абдулла 28% добуш топтогон.

Эгер даттануу комиссиясы шайлоо учурундагы бурмалоолор жогорудагы цифраларга олуттуу таасир көргөзө албайт деп тапса, Карзай жеңүүчү деп жарыяланат. Бирок даттануу комиссиясынын иликтөөсүнүн натыйжасында, Карзайдын топтогон добуштарынын саны 50%дан төмөндөп кетсе, экинчи айлампа талап кылынат.

Карзай экинчи айлампаны каалабасын ачык айтып, аны созорун же тоскоолдук жасаарын эскерткен.

Диломаттар менен расмий өкүлдөр болсо Ооганстанда бийлик бөлүшүлгөн өкмөт түзүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт. Мындай талкууга ачык экенин Карзайдын атаандашы Абдулла да ишара кылды.

Эгер Көз карандысыз шайлоо комиссиясы экинчи айлампаны өткөрүүнү зарыл деп тапса, добуш берүү эки аптанын аралыгында уюштурулуусу керек. Убакытты андан ары созуу саясий кризисти дагы тереңдетип, өлкөнү бир нече айга саясий белгисиздиктин кучагына салат. Анткени ашуулар менен жолдор жабылып калган кышта, Ооганстанда шайлоо өткөрүү мүмкүн эмес.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG