Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:35

Кабулда кайрадан жарылуу


Жардыруу Кабулдун ушул бөлүгүндө жасалды.
Жардыруу Кабулдун ушул бөлүгүндө жасалды.

Ооган борбору Кабулда жанкечтинин бүгүнкү чабуулунан бери дегенде 18 кишинин өмүрү кыйылды. Жардыруу үчүн талибдер жоопкерчилик алды. Бул Кабулда соңку эки-үч ай ичиндеги эң кандуу кол салуу болду.

Кабулдагы бүгүнкү жардыруу эртең менен эл көчөдө көп жүргөн кезде, борбордун жакшы кайтарылган батыш бөлүгүндө, парламентке, ооган армиясынын кабыл алуу борборуна, башка өкмөттүк имараттарга жакын жерде жасалды.

Жардыруучу затка шыкалган автоунаасын жардырган жанкечти НАТОго караштуу Эл аралык коопсуздук күчтөрдүн кербенин бутага алган.

НАТО бүгүнкү кол салуудан алты жоокерин жоготконун, бир нечеси жаракат алганын билдирди. Аскерлер кайсыл өлкөнүн жарандары экендигин азырынча маалымдай элек, бирок Кабулдун полиция башчысынын орун басары Мохаммад Халил Дастиярдын айтымында, өлгөндөрдүн бешөөсү америкалык аскерлер.

Ооган ички иштер министрлигинин билдиргенине караганда, өлгөндөрдүн 12си жөн-жай тургундар, арасында аялдар менен балдар да бар. Алардан тышкары да 47 киши жаракат алган. Көпчүлүгү жардыруу болгон кезде ал жерден өтүп бара жаткан автобустун жүргүнчүлөрү.


Жарылуудан талкаланган жүргүнчү автобус.
Кол салуу ооган президенти Хамид Карзай АКШдагы иш сапарынан кайтып келгенден кийинки алгачкы пресс-конференциясын өткөрөрдүн жуп алдында болду. Карзай өз сөзүндө жардырууну кескин айыптады:

- Бүгүн эртең менен бизде дагы бир кайгылуу окуя орун алды. Жанкечти НАТОнун күчтөрүнө кол салып, натыйжада НАТО аскерлери жана биздин адамдар, анын ичинде аялдар, мектеп окуучулары каза тапты. Биз буга окшогон чабуулдарды чечкиндүүлүк менен айыптайбыз жана Ооганстан мындай азаптардан жакын арада арылат деп үмүттөнөбүз.

Жардыруу үчүн Талибан жоопкерчилик аларын талибдердин басма сөз катчысы билдирди. Талибандын өзүн Забихулла Мужахид деп тааныштырган өкүлүнүн айтымында, жанкечтинин автоунаасында салмагы 750 килограмм келген жардыруучу зат болгон. Коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүнө карабай, талибдер ооган борборунда соңку айларда бүлүк сала алышты.

Бүгүнкү бомба чабуулу 26-февралдан берки эң кандуу кол салуу болду. Анда жанкечтилер Кабулдагы конок үйүн бутага алышып, жалпысынан 16 кишини, анын ичинде батыштыктарды, индиялыктарды мерт кылышкан.

Мурдарак Талибан дипломаттарга, ооган парламентинин мүчөлөрүнө, чет элдик аскерлер менен кызматчыларга каршы жазгы чабуул баштагандыгын жарыялаган болчу. Быйылкы жылдын беш жарым айында НАТО Ооганстандан 200дөн ашуун жоокерин жоготту.

Кабулдагы террордук чабуул
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:22 0:00
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG