Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:41

Депутаттар айрым мыйзамдар чала, шашылыш иштелип жатат деп сын айтышты


Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйыны. 7-апрель, 2025
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйыны. 7-апрель, 2025

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары президент каршы пикир менен артка кайтарган Жер кодексине байланыштуу Министрлер кабинети сунуштаган айрым мыйзамдар шашылыш, чала иштелип келерин айтып сынга алышты.

Жер кодекси президенттин каршы пикири менен артка кайтарылганын президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 6-апрелде билдирген. 7-апрелде Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети "Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун талкуулады.

Депутат Балбак Түлөбаев шашылыш алынып келинип, тез арада кабыл алынган мыйзамдардын арты ушуга алып келип жатканын белгиледи.

"Президент отургула, дагы бир жолу кеңешкиле, дагы бир ортодон чечимди алып келгиле деп жатат. Жогорку Кеңеш өзүнүн укугун колдонуп сунуштарыбызды бердик. Өкүндүргөн жери алты-жети ай карадык, биринчи окуудан өттү, экинчи, үчүнчү окуудан өттү эмнеге ушуну алып келип жаткан министрлик жакшылап караган эмессиңер. Ушул жерде протест болуп жатат, депутаттар дагы, башкалар дагы айтып жатты. Жок, өткөрүшүбүз керек, бир деме жесе бармыкты көрсөтүп, тияк сурап атат деп эле алып келе бергенсиңер. Анан биз аларды тезирээк, Министрлер кабинетинин төрагасы, анан биз суранып атат деп атып ушуга келдик, убара. Башкы прокуратурасынын протести идеалдуу, өзүнүн кызматын аткарып жатат", - деди Түлөбаев.

Комитеттин төрагасы Аманкан Кенжебаев Жер кодекси кабыл алынар алдында бардык министрликтер макулдугун берип, кол коюп беришкенин айтты.

"Бул Жер кодексинин демилгечиси - Министрлер кабинети. Элдин баары Жогорку Кеңеш деп айтып жатышат, бизге өкмөт алып келген. Экинчиден, кодекске озгөртүүлөр киргизилип жатканда 12ден ашуун министрликке макул болсоңор кол коюп бергеле деп таркатылып берилген. Бардыгы кол коюп берген. Ушундай мыйзам, кодекстер келгенде, кол коюп берип жатканда жакшылап карап койсоңуздар. Карабай туруп кол коюп берет, анан бизге чала мыйзам келет. Тууралап келгенде Жогорку Кеңеш күнөөлүү болуп чыгат. Ар бир министрлик кандай гана маселе болбосун так жооп берсеңер жакшы болмок. Министрликтер убагында так бербейт, кийин келип алып тааныш, өздөрүнүн депутатын издеп, "сунушту киргизип койгула, биз калып калыптырбыз" дешет. Анан биз жаман көрүнүп калат экенбиз".

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев муниципалдык менчикте болгон жерлерди ошол тилкеде жайгашкан уюм, мекеме, ишканалар жоюлган учурда муниципалдык менчикте эле калтырууну сунуштаган. Мурдагы вариантта жер мамлекеттик мүлктү башкаруу органына өткөрүп берилери белгиленген. Жунушалиев мындай шартта "келечекте муниципалдык мүлк" жок болуп калат деп белгилеп жатат.

Ал эми Башкы прокуратура "Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүн кайра кароону сунуштаган. Баш прокурордун биринчи орун басары Баймурза Маатовдун белгилешинче, анда эки сотыхка чейин жер тилкесин менчикке чыгаруу жөнүндө каралган.

"Биздин макул болбогонубуздун себеби, Кыргызстандын жаранына бир жолу акысыз жер берилет, ошол эле учурда жер тилкесин менчикке каттоо укугун соттун чечиминин зарылдыгы жок жана кошумча укук белгилөөчү документтерсиз, чектеш чек аралар такталган учурдан тартып жүргүзүлөт деген нормаларына пикирибизди билдирдик. Себеби жерге ээлик кылуу маселеси эскиргенине байланыштуу мүлккө менчик укугун таануу сот тарабынан гана жүргүзүлөт. Аталган мыйзамдын 5-беренесинин 3-бөлүгүнүн жоболорун ишке ашыруу айрымдардын жанаша жаткан аймакты уруксатсыз басып алуу, ижара акысы түрүндөгү акча каражаттын жергиликтүү бюджетке түшпөй калуусу, коррупциялык тобокелдиктер, жер талашы жаралышы мүмкүн", - деди баш прокурордун орун басары.

Министрлер кабинети 2022-жылы иштеп чыккан Жер кодексинин жаңы редакциясы бир жылдай коомдук талкууда жүрүп, 2023-жылы парламентке киргизилген. 2024-жылы жай айларында анын долбоорун Жогорку Кеңештин комитеттери карап, быйыл 13-февралдагы отурумунда кабыл алган.

Буга байланыштуу өлкөдө бир катар нааразылык акциялары өткөн. Айрым адамдар Жогорку Кеңештин алдына чогулуп, президентке кайрылган, парламент кабыл алган мыйзамга кол койбоону суранышкан.

Алар “бул мыйзамга президент кол койсо жер тилкелерин менчик ээлеринин макулдугусуз мажбурлап тартып алууга жол ачыларын” айтып, менчикке болгон кол тийбестик сакталышы керектигин билдиришкен. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG