Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:41

"Бир дүйнө-Кыргызстандын" митингдерди чектөө чечимине каршы арызы сотто каралган жок


Бишкектеги митингдердин бири. Архив.
Бишкектеги митингдердин бири. Архив.

"Бир дүйнө - Кыргызстан" коомдук фонду Биринчи май райондук акимчилигинин жана райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) борбор калаада тынч митингдерди өткөрүүгө тыюу салган чечимин жокко чыгаруу боюнча арызын Бишкек шаардык соту менен Жогорку сот кароодон баш тартканын маалымдады.

Уюм 7-апрелде тараткан билдирүүсүндө аталган райондук бийлик акыркы бир нече жылдан бери жарандардын тынч митингдерди өткөрүүсүнө тыюу салган чечимин улам узартып келе жатканы мыйзамсыз экенин белгилеген.

"Жарандардын тынч митингдерди өткөрүү боюнча конституциялык укугун бузган чечимди Биринчи май райондук соту мыйзамдуу деп таап, муну менен сот тынч жыйындарга, митингдерге, демонстрацияларга чогулуу укугу тууралуу мыйзамды бузду",- деп жазылган билдирүүдө.

"Бир дүйнө - Кыргызстан" 18-март күнү Бишкектин Биринчи май райондук администрациясын жана ички иштер бөлүмүнүн жарандардын тынч митингдерди чектөө чечимине каршы сотко кайрылып, аны жокко чыгарууну өтүнгөн.

Уюм соттун чечими тууралуу маалымат арыз ээлерине убагында берилбей, жыйынтыгында апелляциялык даттануу мөөнөтү өтүп кеткенин билдирип жатат.

Укук коргоочулар апелляциялык даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүү өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Шаардык сот арызды 1-апрелде карап, тийиштүү мөөнөт өтүп кеткенден кийин, апелляциялык арыз каралбасын билдирген. "Бир дүйнө - Кыргызстан" ушундай эле арыз менен Жогорку сотко кайрылган. Жогорку сот 3-апрель күнү уюмдун Биринчи май райондук сотунун чечимине апелляциялык даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүү арызын кабыл алуудан баш тарткан.

Жогорку сот азырынча бул тууралуу маалымат бере элек.

"Бир дүйнө - Кыргызстан" Кыргызстандын жогорку бийлигине кайрылып, жарандардын тынч митингдерге чогулуу боюнча конституциялык укугу бузулуп жатканын, өлкө адам укуктарын сактоо боюнча эл аралык коомчулук алдында алган милдеттенмелерин аткарууга тийиштигин эскертти.

Чектөөлөр 2022-жылы март айында кабыл алынып, ошондон бери мөөнөтү улам узартылып келе жатат.

Митингдерди Ала-Тоо аянтында жана Эркиндик бульварынын темир жол бекетинен борбордук аянтка чейинки аймакта, Жогорку Кеңештин айланасында жана анын жанындагы Панфилов паркында, өкмөт үйүнүн алдында жана анын жанындагы Турсунбаева атындагы бакчада өткөрүүгө болбойт.

Жогорку соттун, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жанындагы жерлерде, Ички иштер министрлигинин алдында да тынч жыйындарды өткөрүүгө чектөө киргизилген.

Акция өткөрүүнү каалагандар Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчага гана чогулса болот. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG