Ишенбай Кадырбеков ошол кездеги эки палаталуу Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу палатасынын депутаты болгон. Ал 24-марттан кийин төрагалыкка шайланып, мурдагы президент Аскар Акаев Кыргызстандан чыгып кеткенден кийин Конституцияга ылайык мамлекет башчысынын милдетин кыска аралыкта аткарган.
- Ишенбай мырза, 24-март сиз үчүн кандай күн?
- Мен үчүн кандай күн экенин билбейм, бирок, биздин мамлекет үчүн өзгөчө күн. Эл өзүнүн нааразычылыгын билдирип, толкуду, өз пикирин айтты, акыры келип бийлик алмашты. Өзүмө келгенде ошол 24-мартта шайлоо болуп, мени Жогорку Кеңештин төрагасы кылып шайлашты. Эл өкүлдөр жыйыны Муратбек Мукашевди төрагалыкка тандап, ал эми Мыйзам чыгаруучу палата мени төрага катары шайлап, убактылуу болсо да мамлекет башчысынын милдетин аткардым.
- Ошол күнү эл өз талабын коё билип, өз укуктары үчүн күрөштү, ал күн демократияга жол салган тарыхый күн болуп калды. Ошол талаптардын өтөсүнө кыргыз эли эмне себептен чыга албай калды деген ойдосуз?
- Негизи Конституция бузулуп, кыргыз элинин ата-бабадан калган жери Үзөңгү-Кууш Кытайга өтөт экен деген маселе көтөрүлүп, ошонун тегерегинде окуялар өнүктү. Кийин депутаттык кол тийбестиги болгонуна карабай Азимбек Бекназаровду камашып, эл көтөрүлүп, акыры Аксы окуясы болду. Ошол эле убакта Конституциялык сот Баш мыйзамды одоно бузуп, өзүнүн принципиалдуулугун көрсөтпөй, Аскар Акаевдин үчүнчү мөөнөткө шайлануусуна жол ачып, ал шайланып калды.
Андан кийин Акаев төртүнчө мөөнөткө барам деген ой менен ага жол сала баштады. Бул дагы элдик толкундоолордун бир себеби болуп калды. Мындан тышкары ошол убакта иштеп жаткан Жогорку Кеңештин эки палатасынын тең ыйгарым укуктары 14-апрелде бүтмөк. Бирок, ага карабай, жаңы шайланган депутаттар 22-мартта эле Конституцияны, мыйзамдарды тебелеп Ак үйгө келип, мөөнөтүнөн мурда иш баштап алышты. Биз - мурдагы депутаттар сотко кайрылып, Жогорку Соттон эски Жогорку Кеңеш 14-апрелге чейин мөөнөтү бүткөнчө иштеши керек деген чечим менен утуп алдык. Бул дагы ошол элдин нааразычылыгын күчөткөн факторлордун бири болуп калды.
Ошол маалдагы бийликтин кемчилиги Ала-Тоо аянтына чыккан эл менен сүйлөшкөндүн ордуна ак кепкачандарды жиберип, ортодо кагылышуу чыгып, аягы жанагы окуя менен бүттү. Ар бир бийликтин булагы эл болгон соң эл менен сүйлөшүш керек эле. Элди укпай, коркутуп, камап, коркутуп-үркүтүү башталды. Саясаттагы ар бир кыймыл, окуялар, маалыматтар элге жетип жатты. Буга чоң себепкер “Азаттык” болуп жатты.
Эл толкуй баштады да, бийлик канчалык күчкө салган сайын кыргыз элинин мүнөзү ушундайбы – ошончолук толкуп, чыңалып, акыры аянтка чыкты. Ошондо жарандар аянтка чыкканда бийлик аларга кол салгандын ордуна үнүн укса болмок. Себеби коомчулук тарабынан “азыркы өкмөттү кетирип, коалициялык өкмөт түзөлү, сиз, Аскар Акаев, төртүнчү мөөнөткө барбайм деп убада бериңиз” деген сыяктуу конструктивдүү сунуштарды айтып жатышты. Негизи Акаев буга эки-үч жолу өзү макул болду, бирок, ага тегерегиндеги адамдар каршы болуп, аны айнытып, “булар менен сүйлөшүп эмне кыласың, эмне кереги бар мунун” дешип, аны артка кайтарып жатышты. Акыры Акаев ошол тегерегиндегилерге алдырып жиберди.
- Ишенбай мырза, Аскар Акаевдин орду кандай? Тарых ага өз баасын бердиби, же баасын алдыда дагы береби?
- Тилекке каршы, Акаев мамлекетке чоң зыян келтирип койду. Аксы окуясы болобу, Кытайга өтүп кеткен Үзөңгү-Кууш болобу, Конституцияны бузуп өз бийлигинин мөөнөтүн узартып алганы болобу – мунун баарына баа берилет. Анан негизгиси - мамлекет талкаланды да. Өзүңөр ойлоп көргүлөчү - ошол убакта Кыргызстанда алты миңдей завод-фабрикалар бар болчу, ошолордун баары талкаланды. Эл жумушсуз калды. Мунун баары анын убагында болду да. Башкача айтканда, мамлекетибиз согуштагыдай эле талкаланып, чачырады да.
- Аскар Акаевдин жеке басар бийлигине эл каршы болуп, 24-мартта аянтка чыккан. Элдин ошол эркиндикке умтулуусун, артыкчылыгын кийин жоготуп алган жокпузбу? Анткени “Кыргызстан Борбор Азияда демократиянын аралчасы” делип, эркин, демократиялуу мамлекетти куруп, көп жылдар бою сыймыктанып келдик. Ошол нерселерди жоготуп алган жокпузбу?
- Жок, жоготуп алган жокпуз. Юридикалык жактан алганда азыркы бийлик системасын дагы, өзгөртүлгөн Конституцияны дагы эл өзү референдум аркылуу тандап алды да. Демократия, элдин ою, пикири деп келдик, ошонун негизинде бийликтин түзүмдөрү, системасы түзүлүп, ошол структуранын негизинде азыркы бийлик иштеп жатат.
- Башкача айтканда, президенттик башкаруу системасы элдик референдум аркылуу турмушубузга кирди деген пикирди айтып жатасыз да, туурабы?
- Формалдуу алганда, ооба, ошондой, баардык процедуралар аткарылды. Эл кандай система экенин билдиби, түшүндүбү - ал башка сөз. А бирок, формалдуу түрдө бардык процедуралар аткарылды.
- Жакында “Кабар” агенттигине берген интервьюсунда президент Садыр Жапаров “элдин көбү бизди азыр колдоп жатат, андыктан митингдерди чектешибиз керек” дегендей пикирин айтты. Муну биз тарыхтын бир бүктөмү катары карашыбыз керекпи, же мындан ары ушундай жол менен, ушундай өнүгүп кетишибиз керекпи?
- Менин оюмча, кыргыз элинин кылымдардан бери келаткан бир мүнөзү бар – бийлик басым кылганда аны жактырбай, акырындап бара-бара серпилген пружинадай кайра артка күчүн көргөзүп коюшу мүмкүн. Бүгүнкү бийликти эл колдоп жаткандан кийин эл менен диалог куруп, жолугушуп, кеңешип турушу керек. Мына Элдик курултайда да эл келип, өз сөзүн айтып кетти го. Менимче, ушул жол менен кете берсе баары жакшы болот, анткени элдин көбү азыркы бийликти колдоп жатса... Ошол эле маалда митинг, жыйын, чогулуштар болбосун дегенден карманыш керек. Диалог керек. Кайсы жерде туура эмес иштер болуп жатса, бийликте азыр кызматкерлер көп, ошол жерге тийиштүү адамдарды жиберип, маселелерди чечүү керек. Мисалы, электр кубаты өчүп жатканына нааразычылыктар бар, ага тийиштүү кызматкерлер элге чыгып, эмне себептен мындай абал түзүлгөнүн түшүндүрүп бергени оң. Конституцияда демократия, элдин бийлиги деп айтылгандан кийин эл менен диалог керек. Ошондо революция дейбизби, төңкөрүш дейбизби – ошондой окуялар болбойт эле.
- Айрым жарандар социалдык тармактарда оюн ачык айтканы үчүн, же эркин жыйындарга, чогулуштарга катышканы үчүн, мисалы, “кемпирабадчыларга” окшоп камалып жатат. Ушул маселелер боюнча сиздин пикириңиз кандай?
- Алардын баары тең юридикалык жактан соттун чечими менен камалып жатпайбы. Негизи бул кызык жагдай, “бийлик үстөмдүк кылып жатат” деп айтайын десең ошол соттун чечими менен кармалып, камалып жатпайбы. Бул жерде системанын ушундай иштеп жатканына нааразы болушубуз керек деген ой бар да. А бирок, нааразы болоюн десең сот бийлиги бар, аткаруу бийлиги бар, мыйзам чыгаруу бийлиги бар. Формалдуу жактан алганда, саясатчы катары айта турган болсом, баары аткарылып келатат.
- 24-марттагы окуянын негизги сабагы эмнеде болушу керек?
- Анын сабагын ошол 24-марттан кийин келген Бакиевдин бийлиги алган жок. Эл менен, өзгөчө кыргыз эли менен дайыма акылдашып, угуп, анын колун толгобой, ага үстөмдүк жасабасаң эл сени колдоп кетет. Эгер үстөмдүк кылып, “мен өз билгенимди жасайм” деп отурсаң ага эл жообун берет. Аны көрдүк . 24-марттан кийин дагы 7-апрелде чоң өзгөрүү болуп кетти. Андан кийин 2020-жылы октябрдагы шайлоодо бийлик үстөмдүк кылып, өзүм каалаган партияларымды Жогорку Кеңешке алып келем дегенде нааразычылык чыгып, бийлик алмашты. Сабак бир гана – демократия дедиңби, элдин бийлиги деп Конституцияда көргөздүңбү - ошону аткар, аны аткарбасаң эл качан да болбосун катуу каяша айтып коёт.
- Маегиңизге рахмат.