"Азаттык" бул макалада соңку бир жылда депортация, түрдүү текшерүүлөр мигрант үй-бүлөлөргө кандай таасирин тийгизгенин баяндайт .
Былтыр мартта "Крокус Сити Холлдогу" теракттан кийин Орусиянын аймагына кире албай калган чет элдиктердин саны дароо өскөн. Өзгөчө кандуу каргашадан кийинки алгачкы айлары чек арада, аэропорттодо текшерүү күчөп, кыргызстандык мигранттар депортацияга туш болгон. Алардын арасында Нуризаттын да күйөөсү болгон:
"Биз Кыргызстанга барып, кайра келатканбыз. Мени чек арадан өткөрдү, жолдошум калып калды. Телефонун текшерди. Эмнеден улам артка кайтарып ийгени айтылган жок. Кабар да берген жок, эч нерсе деп айткан жок. Үч күн аэропортто жатты. Ошентип, кире албай калды. Андан кийин машине менен келип да кире алган жок. Эмнеге депортация болгонун билбей жатат. "Крокустан" кийин көбү депортация болуп жатты".
Нуризаттын күйөөсү депортация болгонуна жарым жылдан ашты. Келин кош бойлуу, ай-күнүнө чукулдап калганын айтат. Ал Орусияда жөлөк пулдан улам кете албай жүргөнүн кошумчалады:
"Биз негизи бул жакта көптөн бери иштеп жүргөнбүз. Расмий иштеп, бардык документтерибиз туура эле болчу. Менин боюмда бар эле. Бул жактан декретке чыгып, жөлөк пул алмакмын. Ошого кетпей, Москвада жүрөм, ата-энем да бул жакта. Азыр эми бул аз келгенсип, көзөмөл реестрине кирип калыптырмын. 30-апрелге чейин документимди тууралабасам чыгып кетишим керек".
Туура бир жыл мурун Москванын четиндеги “Крокус Сити Холлдо” кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн.
Кыргызстандыктар бул өлкөгө кирүүдө тоодой тоскоолдуктарга кабылып, текшерүү күч алды. Москвага барган кыргызстандыктардын ичинен ондогон жаран түрдүү себептер менен Орусияга киргизилбей, артка кайтарылган.
"Сырткы келбети туура келбейт"
Алардын бири Айжаркындын күйөөсү. Аял өзү Москвада, күйөөсү жарым жылдан бери Кыргызстанда турат. Аны былтыр күзүндө Орусиянын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери "Сырткы келбети туура келбейт" деген жүйө менен депортациялаган:
"Москвада мындай учурлар аябай көп. Аялы бул жакта, жолдошу ал жакта. Же тескерисинче. Кыскасы, эки жакта калып кеткен үй-бүлөлөр өтө көп. Азыр бизде арасат жашоо. Мен өзүм кетейин десем насыя бар. Эки балам бул жакта калып, эки кызым ал жакта калып, бир үй-бүлө ортодо чачырап кеттик. Эки балам мени менен Москвада, эки балам күйөөм менен Кыргызстанда. Кетейин десем бул жакта ишти ташап кете албайм. Ал келейин десе кире албайт. Эмне кыларыбызды билбейбиз".
Айжаркындын күйөөсү бир нече жыл Москвада такси айдаган. Аялы күйөөсүнө басым жана тынымсыз текшерүү былтыр күчөгөнүн айтат:
"Крокустан кийин сакалга көбүрөөк асылып калышты. Жолдошум документ үчүн эмес, "сырткы келбети Москванын аймагында жүргөнгө туура келбейт" деген негизде чыгарылды. Ал "кирди-чыкты" кылам деп, Казакстанга чыкканда кайрадан аны Орусиянын аймагына киргизбей койду. Жолдошум өзү беш убак намаз окуйт эле, сакалы бар, телефонунда Чубак ажы жана башка ажылардын сабактарын такай көрүп турчу. Телефонун текшерип, "сен ушулардын баарын көрөт экенсиң", сен "динди карманган кооптуу адам экенсиң" деп эле эч себепсиз кетирип салды. Колуна кагаз да берген жок. Ошентип, түшүнүксүз жагдайда кирбей калды. Кагаз да карматкан жок, түшүндүргөн да жок. Өзү таксиде иштечү. Акыркы бир жылда ишинде кардарлар да орой мамиле кылып, өзү да көңүлү калып калды эле".
Гүлиза: "Москвада үйүбүз, ишибиз, баары калды"
Москванын четиндеги "Сахарово" миграциялык борборунда марттын башында кыргызстандык Гүлиза менен күйөөсү эки уулун жетелеп, ушинтип кезек күтүп турушкан. Дал ошол күнү анын күйөөсүн Орусиянын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери камакка алып, депортация чечимин чыгарган.
Гүлиза күйөөсү, эки баласы менен Москвада беш жылдан бери жашачу. Балдары да ошол жакта төрөлгөн.
"5-февралда көзөмөл реестринин тизмеси чыгып, биз өзүбүздү ал жерден текшерип көрдүк. Мен чыккан жокмун. Бирок жолдошум бар экен. Ошондуктан анын себебин билиш үчүн биз "Сахарово" борборуна бардык. Ал жерде медициналык текшерүүдөн өтүп, бир документти толукташыбыз керектиги айтылды. Анын жообун алуу үчүн бир аптадан кийин келгиле деп айтышты. Бир жумадан кийин күйөөм өзү барса, дароо камап коюшуптур. Аны 11 саат "Сахароводо" кармап, үч күндө депортация кылабыз дешти. Күйөөм менен кошо эки баламды алып, мен да жөнөп кеттим. Үч күндө адвокат тапканга деле үлгүргөн жокпуз. Балдарыбызды алып эле чыгып кеттик. Менин, күйөөмдүн иши, балдардын бакчасы, баары калды. Москвадан үй алган элек, аныбыз да калды. Кредитке машина алып, аны төлөш үчүн иштеп жатканбыз. Ал машинебиз да калды. Азыр эми кайра кетиштин жолун таппай отурабыз", - дейт маектешибиз.
Гүлизанын күйөөсүнө "Сахарово" борборунда бул кагазды карматышкан. Анда Орусиянын мыйзамдарына ылайык ага өлкөнүн аймагына кайра кирүү тыюу салынганы жазылган. Ошол эле документте "Орусиянын аймагында чет элдиктердин жүрүүсү" тууралуу мыйзамга ылайык үч күн ичинде чыгып кетиши керектиги айтылат.
Гүлиза юристтер менен сүйлөшүп, анын күйөөсү кеминде дагы эки жыл Орусиянын аймагына кире албай турганын тактаган.
"Биз Кыргызстанда жүргөндө 2027-жылга чейин депортация болгонун уктук. Ага чейин бул тууралуу маалыматыбыз жок эле. Азыр эми мүлкүбүзгө, ишибизге кантип барышыбыз күмөн. Соңку бир жылда Орусия биз сыяктуу мигранттарга кооптуу аймакка айланды. Эгер буга чейин сенин документтериң так, туура болсо, иштеп жүрө алат элең. Азыр кырдаал башкача. Ошол эле жумуш берүүчүлөр да сага жардам бергиси келбейт. Мисалы, биздин окуяда иш берүүчү "өзүңөр чечкиле, болбосо кеткиле" деди. Сот аркылуу депортация чечимин жокко чыгаралы десек, жетекчибиз эч кандай жардам көрсөткүсү келбей турганын айтты. Буга дагы бир себеп "Крокустан" кийин орус улутундагылар бизди кадимкидей жерип, жек көрүп калды. Алардын мамилесинен муну дайым сезебиз", - дейт ал.
Мигранттарга укуктук жардам көрсөткөн юрист Мирлан Токтобеков "Крокус Сити Холлдон" кийин үй-бүлөлөр эки ара жолдо калган учурлар кадыресе көрүнүшкө айланганын белгилейт. Токтобеков орус бийлиги өзгөчө чет элдиктерге гумандуулук менен мамиле кылбай жатканын кошумчалады:
""Крокус Сити Холлдогу" жардыруудан кийин Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы аэропорттон көп кишилерди киргизбей, кайтарып жиберди. Аялы же ата-энеси орус жараны болгонуна карабай чыгарып же киргизбей жатышты. Азыр былтыртан бери мындай кырдаалга кабылган 20-30 миңдей адам бар. "Крокустан" кийин экиге бөлүнүп, эки жакта калган үй-бүлөлөр кескин көбөйдү. Негизи Орусия өзүн дүйнө коомчулугунда адам укуктарын сактаган өлкө катары көргөзүп келет. Бирок соңку бир жыл дээрлик андай эмес экенин көрсөттү".
"Крокус Сити Холлдогу" теракттан кийин орус жеринде жүргөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн бардык эмгек мигранттары, биринчи кезекте Тажикстандын жарандары басым-кысымга кабылды.
Көп жыл Орусияда мигранттар укугун коргоп жүргөн тажикстандык укук коргоочу Каримжон Ёров орус бийлигинин мигранттарга болгон чыныгы мамилеси "Крокус Сити Холлдогу" окуядан кийин ачыкка чыкты деп эсептейт:
""Крокустагы" теракт орусиялыктардын мигранттарга болгон чыныгы жүзүн көрсөтүп, буга чейин "толеранттуулук" деген беткаптын артында жашырынып турган мамилени ачыктады. Буга чейин улуттар арасында ынтымак деген ураандар айтылып жүрбөдү беле. Бирок былтыр марттагы окуялар мунун баарын төгүндөдү. Өз учурунда орус бийлиги жагдайды ырбатканга, улутчул уюмдардын жанданышына өбөлгө түздү. Анткени адатта андай уюмдардын артында федералдык кызматтар турат. Бир жылда Орусияга каттаган тажик мигранттары кескин азайбаса да, башка өлкөлөргө иш издеп кеткендери көбөйдү. Анткени "Крокустан" кийин мигранттар биринчи кезекте акчадан да коопсуздук маанилүү экенин түшүнүштү".
"Крокус Сити Холлдогу" окуядан кийин мигранттарга каршы куугунтук, зордук-зомбулук күчөп, жаңы чектөөлөр пайда болду.
Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Орусияда акыркы бир жылда борборазиялык мигранттарга карата ксенофобиялык куугунтуктун күчөшү тууралуу баяндамасын жарыялады. Изилдөөчүлөр мигранттардын өздөрү, юристтер, эксперттер менен сүйлөшүп, Орусиядагы мигранттардын жашоосу азыр коркуу жана кордук менен өтүп жатканына ынанышкан.
Баяндамада акыркы бир жылда Орусияда миграциялык мыйзамдар акырындык менен катаалдашканы айтылат. HRW Орусия "мыйзамсыздык" кырдаалын түзгөнүн, андай учурда бул өлкөдө жашап, иштеген чет элдик жаран өзүн мыйзамдуу түрдө коргой алышы дээрлик мүмкүн эмес экенин белгилейт.
"Крокустагы" теракт: Сот иши эмне болду?
Былтыр 22-мартта "Крокус Сити Холлдун" имаратына төрт куралчан адам кирип, ок чыгарган. Кеминде 145 адам каза болуп, 551 адам жабыркаган. Каза болгондордун арасында жашы жете элек алты бала болгон. Тергөөнүн маалыматына караганда, көбү өрттөн каза тапкан.
Ошол кезде Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кол салуудан кийин дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык эки кыздын - Эдита Жусупова менен Маиза Гүлжигит кызынын аты-жөнүн каза тапкандардын болжолдуу тизмесине кошкон.
24 жаштагы Эдита Жусупова "Крокус Сити Холлдун" ашканасында иштеп жүргөн. Маиза Гүлжигит кызы 20 жашта болчу. Ал аталган борбордо алты айдан бери иштеп жаткан.
Алардын жакындары журналисттерге маалымат берүүнү туура көргөн жок.
Кандуу калабага негизги шектүү катары алгачкы күндөрү Тажикстандын төрт жараны кармалган. Орусиянын коопсуздук күчтөрү аларды теракттан кийин 24 сааттын ичинде кармашкан. Кыйноо көргөнү сот залындагы айнек тосмонун ары жагынан даана көрүнгөн шектүүлөр күнөөсүн мойнуна алганын орус бийлиги видеого тартып тараткан.
Орусиянын Тергөө комитети аларды: Фаридун Шамсиддин, Далержон Мирзоев, Саидакрам Ражабализода, Мухаммадсобир Файзов деп жарыялаган.
Тергөө террордук чабуулдун уюштуруучусу катары Фаридун Шамсиддинди атаган. 2024-жылдын башында ал Стамбулга барып, ал жерде "буйрутма берген адамдар менен жолуккан" деп айтылган.
Террорчулардын шериктери деген негизде Исроил Исломов жана анын эки уулу – Диловар жана Аминжон Исломовдор кармалган. Алар кылмышка айыпталгандарга Renault үлгүсүндөгү унаасын сатканы айтылган. Ал эми теги кыргызстандык Алишер Касимов шектүүлөргө ижарага батир бергени үчүн камакка алынган. Сотто ал шектүүлөрдү тааныбасын айтып, тек гана Avito аркылуу турак жайды ижарага бергенин билдирген.
Назримад Лутфулло жана Якубжона Юсуфзода кол салууну "каржылоого катышкан" деп айыпталган. Тергөөнүн версиясы боюнча, Мухаммед Шарипзода терактты даярдоого катышкан, ал эми Жумахон Курбонов теракттын катышуучуларын байланыш жана төлөм каражаттары менен камсыз кылып турган.
2024-жылдын ноябрь айында Орусиянын коопсуздук күчтөрү Ингушетиянын эки жаранын – Жабраил Аушев менен Хусейн Медовду кармашкан. Алар теракттын аткаруучуларын курал-жарак жана ок-дары менен камсыз кылган деп айыпталган.
"Крокус Сити Холлдогу" теракт боюнча тергөө аяктаганы ушул айда белгилүү болду. Төрт жүз томдон турган кылмыш иши айыпталуучуларга жана жабыркаган тарапка таанышууга берилди. Тергөө комитети иш май айында прокуратурага өткөрүлөрүн билдирди.
Окуя болгондон көп өтпөй орус аткаминерлери буга Киевди айыпташкан.
Бул ишке көз салып жүргөн укук коргоочулар кылмыш кылган адамдар камалганынан күмөн санап келишет. Алардын бири "Русь сидящая" уюмунун жетекчиси Ольга Романова:
"Мен үчүн дал келбеген учурлар көп. Алар физиологиялык жактан такыр башка эле адамдарды кармап алышкан деп ойлойм. Видеодо алар даярдалган жоочулар экени көрүнүп турат. Бирок кармалгандар такыр даярдыгы жок экени байкалды".
Ал арада айдын башында АКШда өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган топтун командирлеринин бири Мохаммад Шарифулла кармалды. Ал "Крокус Сити Холлго" кол салууга шектелген төрт адамдын ичинен экөөнү тааный турганын, аларга курал колдонуу боюнча нускама бергенин билдирген.
Саясат талдоочу Эмил Жураев кандуу калабаны "Ислам мамлекети" террордук тобу уюштурду деген версияны чындыкка жакыныраак деп эсептейт:
"Ислам мамлекети” тобунун Орусияга кол салуу үчүн жетиштүү мотивдери бар. Мисалы, "Крокустагы" террордук чабуулга чейин эле мусулмандарга карата зулумдук болуп келген. Кийин ал күчөдү. Биз мечиттерге болгон рейддерге кол салууга чейин да күбө болуп келгенбиз. Ошол эле кезде Орусиянын "Талибан" менен болгон алакасы да буга кошумча. Ошондуктан "Ислам мамлекетинин" буга эч кандай тиешеси жок деп айтуу бир аз текебердик".
Ошентип, "Крокус Сити Холлдогу" кол салууга байланыштуу соттук териштирүү жакын арада башталат. Ал эми Орусиядагы мигранттарга карата мамиле жакынкы келечекте өзгөрөбү, белгисиз.
Расмий маалыматтарга ылайык, Орусияда Кыргызстандын 334 миңдей жараны миграцияда жүрөт.
Соңку бир жылда кыргызстандыктардын Орусиянын аймагына кирүүсүнө тоскоолдук көбөйүп, текшерүү күч алды. Москвага учуп барган кыргызстандыктардын ичинен ондогон жаран түрдүү себептер менен Орусияга киргизилбей, артка кайтарылган.
Шерине