Сот Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы башчысы Алтынбек Пирматовду күнөөлүү деп таап, 1 миллион сом айып салды. Соттук отурум 24-февралда Ош шаардык сотунда каралганын облустук соттун басма сөз кызматы “Азатыкка” билдирди.
Соттун чечимине ылайык, Пирматов Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” 3-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, эч жакка кетпөө тилкатынын негизинде абактан бошотулду.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Пирматовду кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыптап, былтыр 2-декабрда кармаган.
Тергөөнүн маалыматында ал буга чейин Ош шаарындагы Туран кичи районунда сел суусу агып түшчү каналга бөлүнгөн 2,2 гектар жерди мыйзамсыз берүүгө көмөктөшкөнү белгиленген. Тагыраагы, Пирматов Ош шаардык кеңешинин мурдагы депутаты И.А.Шга сел сууларын агызуучу каналдын жер тилкесин жеке менчикке берүү үчүн жасалма аукционду уюштурууга көмөктөшкөнү аныкталган.
Пирматов жана анын адвокаты, жакындары бул тууралуу комментарий бере элек.
Эскерте кетсек, буга чейин аталган кылмыш иши боюнча Ош шаарынын экс-вице-мэри Ж.М.Азимов, Ош аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын экс-башчысы А.А.Токошев, Ош шаарынын мэриясынын ММБ экс-башчысы А.Э.Семетеев жана "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Ош филиалынын экс-башчысы И.Б.Сансызбаев кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
Былтыр, 14-июлда катуу жаандан кийин Ак-Буура дарыясы кирген. Кыян жүрүп, Оштогу борбордук базарды, чет жакадагы айылдарды сел каптаган. Беш киши каза болуп, бир нече машинени сел агызып, үйлөр, көпүрөлөр, жолдор жарактан чыккан. Соодагерлер чоң чыгымга учураган. Ошто жана Кара-Суу районунда жүздөгөн турак жайлар зыян тарткан.
Шерине