Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:48

Ооруканадагы өрт: Эки бейтап бала эвакуация учурунда каза болду


Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институту. 2025-жылдын 12-февралы.
Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институту. 2025-жылдын 12-февралы.

11-февралдын кечинде Бишкек шаарындагы Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда чыккан өрт кырсыгы учурунда эки бейтап бала өмүрүнөн ажырады. Өрт өчүрүүчүлөр менен куткаруучулар жалпысынан 260 адамды эвакуация кылышканы баштапкы маалыматта айтылды.

Эки бала каза болду

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда чыккан өрт учурунда каза болгондор жана башка ооруканага которулган бейтаптар тууралуу комментарий берди.

Мекеменин 12-февралдагы маалыматына караганда, 1 жаш 7 айлык бала жана 16 жаштагы өспүрүм Улуттук кардиология жана терапия борборунда каза тапты.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов 12-февралда "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып эки бала тең операциядан кийин оор абалда реанимацияда жатканын, алар өрт чыккан имараттан эвакуациялоо учурунда көз жумганын айтты:

“Каза болгон эки бала реанимация бөлүмүндө жаткан, оор операциядан өткөн эле. Аларды башка имаратка алып өтүп жатканда ошол жерде каза болушкан”.

Байдавлетов билдиргендей, кырсык учурунда имаратта 50 бейтап бар болчу. Баары чыгарылып, жанындагы медициналык мекемелерге жайгаштырылды.

Азыркы тапта реанимацияда төрт ымыркай жатканы маалымдалды, эки баланын абалын дарыгерлер оор деп баалоодо. Алар жүрөгүнөн операция болуп, өрт чыккан учурда реанимацияда жаткан.

Жаңы бейтаптарды кабыл алуу иши үзгүлтүккө учурабаганын билдирген Байдавлетов алар үчүн өзүнчө кабылдама ачылганын кошумчалады.

Министрликтин маалыматына караганда, 11-февралдын кечинде өрт чыккан учурда Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда жалпы 104 адам болгон. Алардын ичинен 50 бейтап (19у балдар), аларды карап жаткан 32 адам жана 22 медициналык кызматкер болгон.

12 бала Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна, эки бейтап Улуттук госпиталга, 15 бейтап Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулду. 19 адам үйүнө дарыланууга коё берилди.

Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулган балдардын ичинен экөөнүн абалы, жогоруда айтылгандай, оор деп бааланууда.

Өрттөн бейтаптардан тышкары 9 адам жабыркап, иске ууланып ооруканага жаткырылды. Алардын ичинен жети киши Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун дарыгери, экөө бейтаптарды карап жаткан адамдар.

Байдавлетов иске ууланган дарыгерлердин баары өзүнө келип, азыркы тапта ишин улантып жатканын айтты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кырсыктын себептерин аныктоо үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүү тапшырмасын берди.

Кырсык боюнча Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин козгоду.

Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу” деген 257-беренеси менен ачылып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаевдин Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунан эвакуацияланган бейтаптардын абалы тууралуу билдирүүсү Фейсбукка 11-февралдын кечинде жарыяланган. Министр өрттөн эки бейтап каза болгонун айткан.

12-февралда Жогорку Кеңеште депутаттарга маалымат берип жатып министр Чечейбаев жертөлөдө катуу жарылуу болгонун айтты:

“Бардык бейтаптар ӨКМ кызматкерлеринин аракети менен эвакуацияланган. Өрт жертөлөдө тутанган. Баштапкы маалымат боюнча, жабдыктардын биринин аккумуляторунда катуу эле жарылуу болгон. Кире бериштеги эшиктин конструкциясы сыртты көздөй майышып калганынан жарылуу канчалык катуу болгонун элестетсе болот. Ошондон кийин түтүн каптаган”.

Ал эми каза тапкан балдар боюнча ал төмөнкүлөрдү билдирди:

"Эвакуация болгондон кийин бардык бейтаптарды коңшу имараттын, Кардиология институтунун биринчи кабаттагы реанимация бөлүмүнө жайгаштырышкан. Абалына жараша бөлүштүрүлүп, оор делген 9 бейтапты, анын ичинен беш баланы ошол жерде калтырышкан. Тилекке каршы, эки бейтаптан айрылып калдык, алар операциядан кийин реанимацияда ансыз деле оор абалда жаткандар болчу. Өлүмдүн так себеби сөөктү ачып көргөндөн кийин билинет. Алар жасалма дем алдырууда болчу".

Кырсык болгон оорукана Бишкектин Тоголок Молдо жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Фейсбуктагы барагына маалымат жазып:

"Өрт өчүрүүчүлөрдүн жана куткаруучулардын ыкчам аракеттеринин натыйжасында 260 адам эвакуацияланды. Тилекке каршы, эки адам каза болду. Өрттү өчүрүүгө жалпы алты бөлүм, эки автошаты, Бишкек шаардык "Куткаруу кызматынын" куткаруучулар, ыкчам тобу тартылды. Өрт саат 22:33тө басаңдап, 23:15те толугу менен өчүрүлдү", - деп билдирген.

Министр Ажикеев жарыялаган видеолордон өрт өчүрүүчүлөр түтүн каптаган имаратта иштеп жатканын көрүүгө болот.

Өрт жертөлөдөн чыкты

Министр Ажикеев 12-февралда соңку маалыматты бөлүштү. Анын айтымында, өрт өчүрүүчүлөргө кырсык тууралуу маалымат 21:06да түшкөн, саат 21:17де алар окуя болгон жерге жетип барган.

"Азыркы өрт кырсыктарынын айырмасы – илгеркидей жалындап күйбөйт, көбүнчө түтүн болот. Себеби курулушта жана үйдө синтетика материалдар өтө көп колдонулат. Алар күйбөйт, түтүн басат. Адамдардын жабыркаганынын да, өлүмүнүн да себеби – түтүндөн думугуу болууда", - деди министр.

Ооруканадагы өрт эмнеден тутанганы атайын комиссия алкагында лабораторияда аныкталарын белгилеген Ажикеев жаңы аппараттарды алып, улаштырып жатканда электр зымдарында кыска чагылышуу чыккан болушу ыктымал деген баштапкы божомол бар экенин кошумчалады.

Министрдин айтымында, жертөлө гана күйүп, анын түтүнү эң үстүңкү кабатка чейин чыккан. Жогорку кабаттагы адамдар атайын шаты менен эвакуацияланды, ылдый жактагыларды тепкичтен түшүрүп, чыгарып кетүүгө үлгүрүшкөн.

"Түтүн аябай күчөп кетти", - дейт ӨКМ жетекчиси.

Эскертүү берилген

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Өрттү көзөмөлдөө кызматы аталган илим изилдөө институтуна буга чейин өрт коопсуздугу боюнча эреже сакталбаган жерлер бар экени тууралуу эскертүү берилгенин, кийин айып пул да салынганын билдирди.

Мекеме 12-февралда маалымдагандай, өрт коопсуздугун камсыздоо, материалдык чыгымга жол бербөө максатында 2024-жылы 26-мартта №00-03 текшерүү актысынын негизинде пландуу текшерүү жүргүзүлүп, кемчиликтерди четтетүү тууралуу 18 пункттан турган эскертүү берилген.

"Эскертүү толук аткарылбагандыктан “Укук бузуулар жөнүндө” кодекстин 143-беренесине таянып 230 көрсөткүч эсебинде 23000 сом административдик айып салынган. Мындан тышкары текшерүүнүн негизинде эки суу алуучу гидрант оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, ишке киргизилген", - деп кабарлады ӨКМ.

11-февралдагы ооруканадагы өрттү өчүрүүгө Бишкек шаардык башкармалыгынын өрт өчүрүүчү алты күжүрмөн эсеби, эки автошатысы тартылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2024-жылы 3148 өрт кырсыгы катталып, андан 47 адам каза болгон. Алардын ичинен жетөө балдар. 2023-жылы баш-аягы 3 498 өрт чыгып, 35 адам каза таап, 31 киши жаракат алган.

Шерине

XS
SM
MD
LG