Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:46

Түндүк Корея Жапон деңизи тарапка  ракета учурганы кабарланды


Түндүк Кореянын ракета сыноосу. 31-октябрь, 2024-жыл.
Түндүк Кореянын ракета сыноосу. 31-октябрь, 2024-жыл.

Түндүк Корея Жапон деңизи тарапка ракета учурганын Түштүк Кореянын Биргелешкен штабдар комитетине шилтеме менен "Рёнхап" агенттиги жазды. Маалыматка караганда, орто аралыктагы баллистикалык ракета деп шектелген дүрмөт дүйшөмбүдө түш чакта Пхеньян тараптан атылды. Бул окуя АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Сеулдагы сапары учурунда болгону белгиленет.

Акыркы жолу Пхеньян баллистикалык ракетаны былтыр 5-ноябрда, АКШдагы президенттик шайлоону утурлай учурган.

31-октябрда Түндүк Корея континенттер аралык ракетаны Жапон деңизине атып, сыноо өткөргөн. Ошондо Ким Чен Ын аны «душмандарга берилген жооп» деп сыпаттаган.

БУУнун санкциялары Пхеньянга ракеталарды сыноого жол бербейт. Бирок Түндүк Кореянын жетечилиги курал чыгаруу Вашингтондун жана анын шериктеринин “кас саясатына” туруштук берүү үчүн зарыл экенин айтып келет.

Орусия 2022-жылы Украинага кол салгандан бери Түндүк Кореяга каршы киргизилген санкция режимин бузганы үчүн айыпталып келатат.

Атап айтканда Москва Пхеньян менен кызматташтыгын кеңейтип, ал жактан артиллериялык снаряддарды, ракеталарды жана ракеталык тактикалык комплекстерди ала баштаган.

Москва муну танууда.

Орусия андан тышкары түндүк кореялык аскерлерди согушка салганы кабарланып жүрөт.

Шерине

XS
SM
MD
LG