Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Парламент республикалык бюджеттин долбоорун кабыл алды


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңеш 11-декабрдагы жыйынында Кыргызстандын 2025-2026-жылдардын республикалык бюджети боюнча мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Эми ал президентке кол коюу үчүн жөнөтүлөт.

Расмий маалымат боюнча, кийинки жылы республикалык бюджеттин кирешеси 430 млрд 244,6 млн сом, чыгашасы 405 млрд 946,7 млн сом болот.

Парламентке Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү келди.

Акылбек Жапаров буга чейин 2030-жылга карата ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) көлөмүн 30 млрд долларга жеткирүү максатын ашыруу үчүн ИДӨнүн жылдык өсүшүн 12-13% деңгээлинде кармап туруу зарыл экенин айткан. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG