Бишкекте министрликтер менен ведомстволордун сатыкка чыгарыла турган имараттарынын тизмеси түзүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 6-декабрда кол койгон жарлыкта айтылат. Ушул эле жарлыкта алардын баасын аныктоо үчүн көз карандысыз баалоону ишке ашыруу керектиги жазылган. Алар Министрлер кабинети менен инвестордун ортосунда түзүлгөн келишим менен түз сатылышы мүмкүн.
Ушул тапта айрым министрликтер жайгашкан имараттар тарыхый-маданий мурас объектилерине кирет. Алар мамлекет тарабынан корголот жана пайдалануунун өзгөчө укуктук тартиби бар. Ушундан улам жарлыкта бул имараттар боюнча тиешелүү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду Жогорку Кеңешке киргизүү тапшырмасы берилди.
Өкмөт башчы Акылбек Жапаров быйыл 7-ноябрда журналисттер менен жолугушууда министрликтердин имараттары аукционго коюларын айткан. Анын сөзүнө караганда, 2025-жылдын жазында Бишкекте “Ынтымак ордонун” маңдайында өкмөт үйүнүн жалпы курамы үчүн жаңы имарат курула баштайт.
Бишкекте 30-августта президенттик администрациянын жаңы имараты - “Ынтымак ордонун” ачылышы болгон.
Ушундан улам президенттин администрациясынын Токтоболот Абдумомунов көчөсүндө жайгашкан мурдагы имараты Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) менен Экономика жана коммерция министрлигине берилген.
Бишкектин түштүк бөлүгүндө, мамлекеттик резиденцияга жакын жайгашкан “Ысык-Көл” мейманканасы 2021-жылдын аягында бузулган. Анын ордуна “Ынтымак ордо” деп аталган президенттин администрациясынын имаратынын курулушу 2022-жылы башталып, быйыл август айында аяктады. (BTo)
Шерине