Кыргызстанда айдоочуларды кирекечтик кылып, унаасы менен жүргүнчү ташуу жана жеткирүү кызматын көрсөтүүгө атайын уруксат кагаз алууга милдеттендирген мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралууда. Парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети 10-декабрдагы жыйынында "Лизенция-уруксат берүү системасы тууралуу" мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун карады. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, жаңы жылдан тарта такси жана жеткирүү кызматын көрсөтүү үчүн патент алуу системасы токтоп, лицензия алууга милдеттендирилет.
Комитет отурумунда ички иштер министринин орун басары Адылбек Бийбосунов берген маалыматка караганда, лицензия бир жылга берилет, орточо баасы 500 сом. Министрдин орун басары бул сумма такси акысынын кымбатташына алып келбейт деген ишеничин билдирди.
Айрым депутаттар министрлик такси кызматын көрсөткөн айдоочулардын лицензиясы бар-жогун кантип текшерерин кызыгышты. ИИМ министринин орун басары лицензия алуу үчүн айдоочулардын ар бири менен келишим түзүлөрүн, ошондой эле таксопарктар менен да келишим түзүлөрүн билдирди.
Депутат Бактыбек Сыдыков тарифтерди ким көзөмөлдөйт деп суроо салды:
"Көрүп атабыз, такси кызматында тарифтин түрү бар. Отургузганы үчүн алат, жеткиргени үчүн алат, күткөнү үчүн алат. Тарифти ким текшерет? Лицензия алып, акысын көтөрүп жибергенин ким текшерет?".
Депутат бул суроосуна жооп берүүчү тарап - Экономика министрлигинен өкүлдөр жыйынга келбегенин сынга алды. Комитет жетекчиси Мурадил Эргешов өкмөттүн өкүлүнө жыйынга чакырылган тиешелүү аткаминерлер келүүгө милдеттүү экенин эскертип коюусун суранды.
Кыргызстанда "Жорго", "Нова" сыяктуу менчик такси компаниялары иштейт. Көпчүлүк башка компаниялар Орусиянын “Яндекс.Такси” компаниясы Кыргызстанда иштей баштагандан тартып, жабылып калганы айтылып келет.
“Яндекс.Таксинин” маалыматына караганда, ушул тапта Кыргызстанда 100 миңден ашык айдоочу компаниянын тиркемесине кошулган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 29-ноябрда ири өлчөмдө салыктан качуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу “Яндекс.Такси” ишканасынын жана өнөктөштөрүнүн кеңселеринде тинтүү жүргүзгөн.
Атайын кызмат компания жана анын өнөктөштөрү Монополияны жөнгө салуу кызматы бир нече жолу чара көргөңүнө карабай, такси менен алектенген айдоочуларына пайыздык чендерди негизсиз жогорулатышканын белгилеген.
Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев парламенттин 28-ноябрдагы жыйынында “Яндекс.Такси” компаниясы анда такси кызматын көрсөтүп иштегендерден алына турган комиссияны жогорулатып жибергенин, Министрлер кабинети буга чара көрүшү керектигин айткан.
“Яндекс.Такси” компаниясы Акаевдин ишкана такси айдоочуларынан 21% чейин комиссия алып жатканы тууралуу маалыматты четке каккан. (ZKo)
Шерине