Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Сирияда козголоңчулар Хомс шаарына жакындады


Хама шаары, 6-декабрь, 2024.
Хама шаары, 6-декабрь, 2024.

Cирияда өкмөттүк армияга каршы чыккан козголоңчу күчтөр Хомс шаарына жакындады. Бул шаар өлкөнүн борбордук бөлүгүндө жайгашкан жана аны ээлөө козголоңчуларга борбор калаа Дамаскиге барууга жол ачылат.

Хомс козголоңчуларга өтсө, Дамаскинин деңиз жээгиндеги аймактар, анын ичинде орусиялык аскердик базалар жайгашкан Латакия жана Тартус менен байланышы үзүлөт.

Орус күчтөрү 6-декабрга караган түнү козголоңчу топтордун өтүүсүнө тоскоолдук көрсөтүү үчүн Хомска барчу М5 жолундагы Растан көпүрөсүнө сокку урганын Reuters агенттиги Сириянын Куралдуу күчтөрүнүн офицерине таянып жазды.

Хомстон миңдеген адамдар жакынкы аймактарга качып чыгууга аргасыз болду.

АКШда жана бир нече өлкөдө террордук уюм деп таанылган “Хайят Тахрир аш-Шам” тобунун лидери Абу Мухаммад ал-Жулани өкмөттүк армияга каршы топтордун коалициясынын максаты Сириянын президенти Башар Асадды бийликтен кулатуу экенин билдирди.

Түркиянын президенти Режеп Эрдоган Сириядагы козголоңчулардын аракетин "Дамаскиге жөө жүрүш" деп атап, ал “кырсыктан, көйгөйдөн алыс” өтөрүнө үмүт артарын билдирди. Эрдоган Асад менен телефондон сүйлөшүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сунуштаганын, бирок ал баш тартканын CNN жазды.

Буга удаа эле АКШ баштаган эл аралык коалиция колдогон Сириянын демократиялык күчтөрү өлкөнүн чыгышындагы Дейр-эз-Зор шаарын көзөмөлүнө алганын Reuters билдирди. Өкмөттүк армия жана ирандык топтор оппозициялык күчтөр кирип барганга чейин шаарды таштап чыгып кеткен.

Иорданиянын ички иштер министри Мазен ал-Фарая Сирия менен чек арадагы Дераа шаарынан 15 чакырым түштүк жагында жайгашкан Насиб өткөрмө бекетин жабууну буйруганын Middle East Monitor билдирди.

Reuters сириялык армиядагы булагына таянып жазгандай, өткөрмө бекет куралчан топтордун аткылоосуна кабылып, ондогон жүргүнчүлөр жана жүк ташуучуларга ок тийген.

Al Hadath басылмасынын булактарына шилтеме берип, козголоңчулар чек арадагы Сирия тараптын өткөрмө бекетин көзөмөлгө алганын жазды. Иорданиялык жүк ташуучуларды өлкөсүнө кайтууга уруксат берилип, бирок Сириянын аймагына өтүүгө тыюу салып жатышат.

“Хайят Тахрир аш-Шам” исламчыл тобу жетектеген козголоңчулар соңку бир нече күн ичинде ийгиликтерге жетип, Хама жана Алеппо шаарларын жана бир нече айыл-кыштакты өз карамагына алууга жетишти.

Сириянын Хмеймим аэродормунда Орусиянын аскердик базасы жана Тартус портунда флоту жайгашкан. Сирия авибазаны Орусиянын карамагына 2015-жылы өткөрүп берген. Анда Москванын жардамы менен Дамаск төрт жылдык жарандык согушта жеңишке жеткен.

Асаддын режимин Иран, Орусия жана АКШда террорчу деп таанылган ливандык “Хезболла” радикал тобу колдойт.

Шерине

XS
SM
MD
LG