Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:48

АКШ Өзбекстандагы балдар үйүндөгү зордуктоого катышы барларга санкция салды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кошмо Штаттардын Каржы министрлиги Өзбекстандагы балдар үйүнүн тарбиялануучуларын зордуктоого күнөөлүү үч адамга санкция салды. Бул тууралуу маалымат мекеменин сайтында жазылды.

"Кара тизмеге" Хорезм облусунун Үргөнч шаарындагы балдар үйүнүн мурдагы башчысы Юлдуз Худайбергенова, Янгиарык районунун Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Анвар Курязов жана Юстиция башкармалыгынын мурдагы башчысы Айбек Машарипов киргизилди.

АКШ бийлигинин эсебинде алар "адам аткезчилигине жана гендердик зордуктоого, анын ичинде мамлекеттик балдар үйүндөгү балдарды зордуктоого күнөөлүү".

Үргөнчтөгү балдар үйүнүн тарбиялануучулары зордукталганы туралуу маалымат Nemolchi.uz долбоорунун иликтөөсүнөн кийин ачыкка чыккан. Андагы маалыматтарга караганда, 2021-жылы балдар үйүнүн жетекчиси үч жашы жете элек кызды жергиликтүү аткаминерлер менен сексуалдык катнашка барууга мажбурлаган.

Бул үчүн мамлекеттик кызматкерлер балдар үйүнө азык-түлүк, эмерек, техника алып келип, жетекчисинин майда-барат көйгөйлөрүн чечип турушкан.

2023-жылдын жазында Анвар Курязов менен Айбек Машарипов бир жыл алты айга шарттуу кесилген.

Кийин сот алардын жазасын үч жылга эркинен ажыратууга өзгөрткөн. Быйыл февралда алар жазасын түрмөдө эмес, жатак абакта өтөп жатканы маалым болду.

Юлдуз Худайбергенова беш жылга эркинен ажыратылган.

Санкциялар Эл аралык кулчулукту жоюу үчүн күрөш күнүнө байланыштуу кабыл алынды.

Шерине

XS
SM
MD
LG