Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:57

Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт


Шашылыш билдирүү: 13-14-ноябрь күндөрү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
15-16-ноябрларда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында -1…-3° жеткен үшүк жүрөт.

13-ноябрда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чаачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде туман түшөт.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 18-23 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 1…6;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 0…5;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 5…10;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы 1…3°, күндүз 2…4° жылуу болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG