Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 5-ноябрда парламентте журналисттер менен жолугушууда сүйлөп жатып, Кыргызстандын жаңы гимнин жазуу үчүн сынак жарыяланарын билдирди. Ал кийинки аптада Жогорку Кеңеште Гимнге байланыштуу атайын отурум өтө турганын жана сынак ачык болорун айтты.
Бирок азырынча гимнди өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору даярдалып, коомдук талкууга чыгарыла элек.
Нурланбек Шакиев Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чарада мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгесин көтөргөн.
Президент Садыр Жапаров 30-октябрда “Кабар” улуттук агенттигине берген маегинде гимнди алмаштырууну колдой турганын айткан.
Кыргызстандын Мамлекеттик гимни 1992-жылы 18-декабрда бекитилген. Анын сөзүн Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев, обонун Насыр Давлесов менен Калый Молдобасанов жазган.
Гимндин алгачкы варианты үч куплет, бир кайырмадан турат. 2013-жылы улуттук символиканы өзгөртүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия гимндин экинчи куплетиндеги “бейкуттук” жана “досторуна даяр дилин берүүгө” деген мааниси талаштуу сөздөрдөн улам аны алып салууну чечишкен. Бул өзгөртүү да бир топ талаш-тартыш менен коштолгон. (BTo)
Шерине