Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:27

Диктатор менен мушкер. Биволду уткан Бетербиев Кадыровго кантип таянат?


Коллаж сүрөт
Коллаж сүрөт

Теги чечен мушкер Артур Бетербиев бокс боюнча абсолюттук чемпиондукту уткандан кийин аны Грозныйда шаан-шөкөт менен тосушту. Бирок анын атаандашы Биволдун тарапкерлери эле эмес, күйөрмандар да Бетербиевдин жеңиши талаштуу экенин, Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров аны кантип калкаларын белгилешет.

Чечен лидеринин таасири

12-октябрда Сауд Арабиясынын борбору Эр-Риядда бокс боюнча дүйнөлүк чемпион наамы үчүн айыгышкан кармаш өттү. Анда Артур Бетербиев менен Дмитрий Бивол 12 раунд беттешти. Жеңүүчү Бетербиев америкалык The Ring сайтынын версиясы боюнча дүйнөдөгү эң мыкты мушкерлер рейтингинде төртүнчү орунга көтөрүлдү.

"Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров жана анын "оң колу" саналган Думанын депутаты Адам Делимханов Сауд Арабиясына Бетербиевди колдоо үчүн барышты", - деп агенттиктер кабарлады . Беттештен кийин оппозициячыл чечендердин соцтармактардагы баракчаларында Кадыров жана Делимханов күзөтчүлөр менен кантип кагыша кеткени тартылган видео пайда болду.

Күзөтчүлөр чечен лидерине рингге чыгууга уруксат бербей коюшкан. Мамдуманын депутаты өтө албай калганы менен, Кадыров рингге өтүп кетүүгө үлгүргөн.

Бетербиев Кадыровго атайын ат арытып келгени үчүн ыраазычылык билдирип, аны "башкы күйөрманым" деп атады. Ошол эле маалда мушкер Телеграм каналында аны жеңиши менен куттуктаган Дагестандын башчысы Сергей Меликовдун атын атаган жок. Бир жумадан кийин боксер Чеченстанга сапар алды. Аны Москвадан учакта Кадыров өзү коштоп барган. Аларды Грозный аэропортунда шаан-шөкөт менен тосуп, андан кийин Бетербиевди сый тамакка алып барышкан.

Ал тапта Биволдун командасы Бетербиев жеңген беттештен кийин калыстардын талаштуу чечимине байланыштуу тез арада реванш өткөрүүнү талап кылып, арыз менен кайрылышканын The Ring сайты жазды. Тактап айтканда, Биволдун менеджери Вадим Корнилов чечен спортчунун командасы жеңиш жарыяланганга чейин эле жыйынтыкты билгенин, ал жерде саясат болуп кеткенин айтты.

Күйөрмандарынын айрымдары Бетербиевдин жеңишин кабыл алышкан жок. Инстаграм баракчасында спортчунун дарегине сын айткандар көп болду. Күйөрмандар ошондой эле Кадыров чечен мушкерди такай колдоп, аны такай калкалап турганын, атүгүл соңку жеңишти да уюштуруп коюшу мүмкүн деп божомолдошууда.

Кадыров бул айыптоолор боюнча комментарий берген жок. Грозныйдагы жолугушууга арналган постунда "бала кезинде эле бул жигит чемпион болорун, ал спортто атак-даңкка жетерин айткамын" деп гана жазды. Бетербиевдин чемпиондукту жеңгенин "Чеченстандын калкы үчүн гана эмес, миллиондогон күйөрмандар үчүн да белек" деп мактады.

Биволдун Кыргызстандагы күйөрмандары

Ал эми Дмитрий Биволдун күйөрмандары жеңиш Бетербиевге адилетсиз ыйгарылганын айтышып, бул тема социалдык тармактарда эмдигиче кызуу талкууда. Бивол өзү Инстаграм баракчасында видео жарыялап, күйөрмандарына ыраазычылык билдирди.

"Мени колдогондорго, сарсанаа болгондордун бардыгына рахмат! Мындай колдоо үчүн бардыгыңарга ыраазымын. Аны сезип турдум, азыр да сезип жатам. Эмне кылабыз? Болгонду болгондой кабыл алабыз да, андан ары аракет кылабыз", - деди Бивол.

13-октябрда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев да Бивол менен Бетербиевдин беттеши боюнча үн катты.

"Дима, сен уттуң! Биволдун жеңиши уурдалып, уюштуруучулар, калыстар адилеттүүлүктү тебелеп-тепседи. Алар адилеттүүлүктүн баасын да түшүнүшпөйт!" - деп жазды Ташиев Фейсбук баракчасына.

Дмитрий Бивол 33 жашта. Орусиянын жараны. Токмок шаарында төрөлүп, бокс менен алты жашынан баштап машыккан. 12 жашында үй-бүлөсү менен Орусиянын Санкт-Петербург шаарына көчүп кетип, ал жактан машыгуусун уланткан. Ал айрым машыгууларын Кыргызстанда өткөрүп жүрөт.

Хасавюрттан Канадага

39 жаштагы Артур Бетербиев Дагестандын Хасавюрт шаарында чечен үй-бүлөдө туулуп өcкөн. Агалары менен машыгып жүрүп, 2013-жылы үй-бүлөсү менен Канадага көчүп баргандан кийин профессионалдык келишимге кол койгон.

Болжол менен 2018-жылы Бетербиев Канаданын жарандыгын алган. Мушкер муну ийгилик деп баалаган, анткени анын орус жарандыгы жана 2014-жылы Крым аннексиялангандан кийин киргизиле баштаган эл аралык санкциялардан улам мушташтарга катышууга тыюу салынышы мүмкүн эле. Бирок Бетербиев башка өлкөнүн желеги менен мелдешке чыкпай турганын, машыгуу үчүн Орусияга такай каттай албай калганын айтып, карьерасын аяктаган соң гана мекенине кайтып келем деген үмүтүн билдирген.

Мушкер санкциялардан орус паспорту үчүн гана эмес, Кадыров менен достугу, Чеченстандагы байланышы үчүн да кооптонсо керек. Бетербиев Канадага көчүп кеткенден кийин Кадыров түптөгөн "Ахмат" күрөш клубунун мүчөсү бойдон эле калбастан, Грозныйдын белек-бечкегин да алып турган. 2021-жылы Чеченстанда ага баасы 6 миллион рубль турган Mercedes-Benz GLE үлгүсүндөгү автоунаанын ачкычы тапшырылып, "Грозныйдын ардактуу атуулу" деген наам ыйгарылган. Чеченстандын башчысы белгилегендей, Бетербиевге автоунааны Ахмат Кадыров атындагы коомдук фонд берген. Аталган фонд Кадыровдун "көмүскө казынасы" катары каралып, ага мамлекеттик кызматкерлер "кайрымдуулук" иретинде каражат которууга милдеттүү.

2022-жылы июнь айында "Чемпионат" сайтына берген маегинде Бетербиев: "Рамзан Ахматович мага мага такай дем-күч берет. Жөн эле жерден колдоп-коштоп турат", - деп айткан. Спортчу кандай белек-бечкек алганын так айткан эмес.

Бетербиев Москва Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачкандан кийин да Чеченстандын башчысын активдүү колдоп келет. Ал Кадыровду туулган күнү менен куттуктап эле тим болбостон, Грозныйдагы расмий иш-чараларга да катышып турат. Алсак, быйыл июлда өткөн инвестициялык форумду мушкер өзүнүн Инстаграм баракчасында мактап жазган.

СПАРК системасынын маалыматы боюнча мушкердин бир тууган агасы Абакар Бетербиев 2012-жылга чейин Чеченстандагы "Динамо" бокс клубунун кожоюндарынын бири болгон, ал эми анын энеси Чеченстанда "Ненан Сий" (Баатыр эне) медалын алган.

Бетербиев жогорку даражалуу кадыровчуларды "бир тууганым" деп, Грозный көчөлөрү коопсуз жана "заманбап өнүгүүгө" жетишкен сүйүктүү шаары экенин айтып, ал эми өлкөнүн башчысын "тирүү легенда" деп даңазалайт.

Кадыров өзү мушкер менен бала кезинде Гудерместе машыгып жүргөндө таанышканын айткан. Бетербиев чечен лидеринин анын спорттогу жолуна "түздөн түз байланышы" бар экенин бир нече жолу белгилеген. "Эң кыйын учурда ал ага катары менин жашоомо жана бокстогу ийгиликтериме зор таасирин тийгизди, мен аны эч качан унутпайм!" - деген.

Спортчунун 2022-жылы жайында берген маегинде сөз акча жөнүндө болуп жаткандыгы айдан ачык. Бетербиев Гудерместеги ышкыбоздордун мелдешинде жеңишке жеткенде, Кадыров ага ар тараптуу жардам берерин убада кылган. Анда мушкерге "Лада" автоунаасы, сыналгы жана 100 миң рубль сыйлык ыйгарылган эле.

Орусиядан оолактоо аракети

Орусия 2022-жылы февралда Украинага каршы ар тараптан басып кирип, согуш ачкандан кийин Бетербиевдин америкалык менежери Боб Арум мушкердин "Орусия менен эч кандай байланышы" жок деп ырастай баштаган. Ага чейин украиналык мушкер Владимир Кличко Батыш өлкөлөрүн орусиялык спортчуларга чектөө киргизүүгө чакырган. Бетербиев бир нече айдан кийин Арум "өз бизнесин сактап калууга аракет кылганын", анткени анын компаниясы спортчуга инвестиция салып, санкциялардын айынан акчасын жоготуп коюшу мүмкүн экенин айткан.

Бирок ошол эле учурда Канаданын паспорту бар мушкердин чечен лидери менен достугу тууралуу алгачкы сын пикирлер айтыла баштаган. Британдардын The Guardian басылмасы америкалык Жо Смит менен үч чемпиондук кур үчүн күрөштүн алдында спортчунун "чечен диктатор" менен байланышы "анын аброюна шек келтирип, кооптондурушу керек" деп жазган. Ал эми бул достук Кадыровго салынган АКШнын санкцияларын бузуу катары саналышы мүмкүн.

2022-жылы октябрда Украинанын Канададагы элчилиги Бетербиевдин Чеченстандын башчысынын туулган күнү менен куттуктоосун сындаганда, эч кандай реакция болгон эмес.

Кадыров менен үзгүлтүксүз жолугушуулар жана жазган постторунан тышкары, быйыл жыл башында Бетербиев Канаданын Квебек шаарында рингге чыкканда "Чеченстан - күч, Ахмат - күч, Рамзан - чемпион" деген. Украинанын Канададагы элчилиги орус баскынчылыгынын активдүү катышуучусун мындай даңазаланышын сындап, билдирүү тараткан.

Көп өтпөй "Спорт-Экспресс" басылмасы менен болгон маегинде мушкер "ар бир адам каалаганын айтууга укуктуу" деген. Ошол эле учурда Бетербиев Кадыров тууралуу жергиликтүү рингде сүйлөгөнү үчүн Канада тараптан эч кандай санкцияларга кабылбай тургандыгына ишенет, анткени ал мыйзамдарды бузбоого жана "кызыл сызыктан өтпөөгө" аракет кылат.

"Jamestown Foundation" бейөкмөт уюмунун кызматкери Пол Гобл Канада бийлигинин буга үн катпай отурганын сөз эркиндиги деп түшүндүрдү.

"Канада мунун канчалык жүйөсүз экенин көрбөй жатканына таң калдым. Боксчунун Канаданын жарандыгы бар экенин жана Канада сөз эркиндигин колдой турганын эске алганда, Оттава Кадыровду колдогону үчүн ага каршы катаал чара көргүсү келбесе керек", - деди Гобл.

Канадалык ири басылмалардын Бетербиев тууралуу макалаларында Рамзан Кадыров менен байланышы тууралуу такыр сөз болбойт, бирок спортчу машыгууларынын бир бөлүгүн Орусияда өткөрөрү айтылат.

Түндүк Кавказ боюнча талдоочу Гарольд Чемберс Канада бийлигинин мындай "көз жумду" мамилесине өлкөнүн бокстагы кадыр-баркын көтөрүү ниети себеп болушу мүмкүн экенин баса белгилейт.

"Канада Бетербиевдин Кадыровго жакындыгын билбегендей түр көрсөтүп, анын мушташтагы жетишкендиктерин жар салып келет. Бул жетишкендиктер өлкөнү жакшы жагынан көрсөтүп турат. Ал ортодо санкциялар акырындык менен Кадыровдун мушкерлерине жана согушкерлерине багыттала баштады. Чектөөлөр киргизилмейинче же коомчулукта олуттуу реакция болмоюнча Канада Бетербиевди алыстатпайт", - дейт серепчи.

Дмитрий Бивол менен болгон күрөштөн кийин чечен спортчу канадалык басылмаларда "Квебек боксунун тарыхындагы биринчи чемпион" деп аталды. Ал эми Канадада спорттун бул түрүн өнүктүрүү үчүн анын жеңишинин мааниси "Бетербиев эффектиси" деп сыпатталды.

Эки жарым жылдан бери Орусиянын баскынчылыгына каршы согушуп жаткан Украинага Канада 4,5 миллиард доллар бөлгөндөн кийин Рамзан Кадыровдун досу Артур Бетербиев Канададагы хоккей матчтары сыяктуу расмий иш-чараларга чакырылган "жылдыз конокко" айланды.

Буга чейин The New York Times жана The Guardian басылмаларынын журналисти Карим Зидан "Кавказ.Реалии" сайтына берген маегинде Канада өкмөтү Кадыровго жана анын кылмыштарына өтө аз көңүл бурарын, ошондуктан Бетербиевдин аны менен достугу көз жаздымда калып атканын айткан.

Чет мамлекетте жашаган, теги чечен спортчулар утур-утуру республиканын башчысы Рамзан Кадыровду колдоп турушат.

Жакында эле Чеченстанын лидеринин 18 жаштагы уулу, жумурияттын спорт министри Ахмат Кадыров мекендештерине Эрежесиз эр уруш (ММА) боюнча таймаштарга катышууга тыюу салып, бул "акыркы эскертүү" экенин баса белгилеген.

"Кавказ.Реалии" сайтынын журналисти Александра Соколованын макаласынын негизинде жазылды.

XS
SM
MD
LG