Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:50

22-октябрдын аба ырайы


Бишкек.
Бишкек.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 22-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндуз 18…23;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 14…19.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 16…18° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG