Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:36

Молдовадагы шайлоо: добуштардын 87% саналды, Санду алдыда


Молдовада президенттик шайлоо боюнча берилген добуштардын 87% ашыгы саналды, учурдагы мамлекет башчы Майя Санду алдыда келатат. Ага шайлоочулардын 37% чукул добуш берген. Экинчи орунда 29% добуш алган Александр Стояного. Ал эми Ренато Усатыйга шайлоочулардын 14% добуш алган.

Евробиримдикке кошулуу боюнча референдумдун добуштарынын 85% саналды. Шайлоочулардын 46% колдосо, 54% каршы добуш беришкен.

Шайлоого жана референдумга 1,5 млн ашуун шайлоочу добуш берген, бул жалпы шайлоочулардын 50 пайыздан көбүн түзөт.

Молдованын Евробиримдикке кирүүсү үчүн өлкөнүн Конституциясына өзгөртүүлөр киргизилиши керек.

Ал эми президенттик кызматка 11 талапкер ат салышууда, арасында азыркы президент Майя Санду да бар. Ал Евробиримдикке кошулууну колдойт.

Байкоочулар президенттик шайлоонун экинчи айлампасы болушу ыктымалдыгын белгилеп жатышат. Экинчи айлампага чыгышы ыктымалдыгы айтылган талапкерлердин арасында мурдагы баш прокурор, оппозициялык Социалисттер партиясы колдогон Александр Стояноглонун аты аталган. Партиянын лидери, Молдованын экс-президенти Игорь Додон өз тарапташтарын Стояногло үчүн добуш берүүгө чакырган.

Додон сыяктуу эле, Стояноглого дагы бир нече иштер боюнча кылмыш ишин козголгон. Мурдагы прокурор коррупцияга жана кызматынан кыянат пайдалануу үчүн айыпталып, иши тергелип жатат. Экс-президент коррупция жана мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталууда. Экөө тең президент Сандунун "саясий куугунтугуна" кабылганын айтса, мамлекет башчы айыптоолорду четке кагууда.

Өнөктүк алдында Молдова бийлиги жана айрым Батыш өлкөлөрү Орусиянын кийлигишүүсү, ага сыртынан кесилип, чет өлкөдө жашаган ишкер Илон Шордун катыштыгы болушу ыктымалдыгы тууралуу айтып келишти. Атап айтканда жалган маалымат таратуу, добуштарды сатып алуу, шайлоодон кийин тоз-тополоң уюштуруу үчүн акча жөнөтүү өңдүү аракеттер ыктымалдыгы айтылып келди.

Promo-LEX байкоочулар миссиясы добуш берүүдөгү мыйзам бузуулар тууралуу миңден ашуун билдирүү алган. Анын 200дөн ашууну ырасталды, көбү добуш берүнүн купуялуулугуна байланыштуу болгон.

XS
SM
MD
LG