Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:13

АКШ шайлоого Орусия, Иран жана Кытай кийлигишүүдө деп кооптонууда


АКШ. Иллюстрациялык сүрөт.
АКШ. Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Ички коопсуздук министрлиги (DHS) Орусия, Иран жана Кытай Кошмо Штаттардагы президенттик шайлоого кийлигишип, жасалма интеллект аркылуу жалган маалымат таратуу аракетин уланта берет деп эсептейт. Бул тууралуу мекеменин 2-октябрда жарыяланган баяндамасында айтылды.

Министрлик аталган үч өлкөнү АКШнын ички иштери үчүн чет жактагы эң олуттуу коркунуч деп атап, өткөн аптада Сан-Францискодогу телеканалдардын биринде президенттикке Демократтар партиясынан талапкер, азыркы вице-президент Камала Харрис тууралуу тараган фейк маалыматтын артында Орусия турганын мисал келтирди.

"Мамлекеттер, криминалдык хакерлер жана каржылык максатты көздөгөн кылмышкерлер АКШнын кызматтарын үзгүлтүккө учуратууга, маанилүү инфраструктуралык объектилеринин түйүндөрүнө кирүү мүмкүнчүлүгүн алууга багытталган тыңчылык ыкмаларын өркүндөтүшү мүмкүн", - деп айтылды баяндамада.

АКШда кезектеги президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт. Демократтардын талапкери Харрис, ал эми Республикачылар президенттикке мурдагы мамлект башчы Дональд Трампты көрсөтүшкөн.

Баяндамада аталган өлкөлөр анда айтылгандар боюнча пикирин билдирген жок. (RK)

XS
SM
MD
LG