Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:26

Израил Ливанда "Хезболланын" ички коопсуздукка жооптуу командири жок кылынганын кабарлады


Ливан.
Ливан.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жана дүйнөлүк державалар Жакынкы Чыгышта жаңжалдын ырбап кетишине жол бербөөгө үндөп, эл аралык коомчулук абалдын курчушунан кооптонуп жаткан учурда бүгүн 29-сентябрда Израил Ливандын аймагына кайрадан сокку урду. Израил армиясы билдиргендей, Ливандын түштүгүндө ракета учуруучу аскердик техника жана курал-жарак катылган кампалар, жалпысынан он чакты жер бутага алынды, Бейрутта куралдуу топторго каршы “даана сокку” урулду.

Бүгүнкү соккулардан Ливандын түштүк аймагынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон “Хезболла” куралдуу тобунун жана саясий партиясынын алдыңкы командирлеринин бири, ички коопсуздукка жооптуу жетекчиси Набил Каук жок кылынганын «Гаарец» басылмасы жазды.

Франция тышкы иштер министри Жан-Ноэл Барро Ливандын премьер-министри Нажиб Микати менен телефондон сүйлөшкөндөн кийин чукул арада Бейрутка жөнөп жатканын маалымдап, «Израилдин Ливандын аймагына каршы соккуларын тез арада токтотууга» чакырды.

Микати 28-сентябрдагы телевизиондук кайрылуусунда Ливандын азыркы түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун дипломатиядан башка жолу жок экенин, 1 миллионго жакын ливандык жаран жашоосуна коркунуч жаралгандыктан башка аймактарга качып чыгууга мажбур болушу мүмкүндүгүн айткан.

Иран «Хезболланын» лидери Хасан Насралланын өлүмү үчүн жооп кайтарыларын айтып, Израилге каршы күрөшкөн бардык топторго колдоосун уланта берерин убада кылды.Тегеран БУУда Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү да сунуштоодо.

Ал тапта АКШнын Борбордук командачылыгы (Centcom) Сирияга эки күн абадан сокку урганын, бутага өзүн «Ислам мамлекети» деп атап алган радикал топ алынганын, ондогон киши жок кылынганын 29-сентябрда маалымдады. Мекеме билдиргендей, 16-сентябрдагы жана 24-сентябрдагы соккулардан «34 террорчу өлтүрүлдү, арасында алдыңкы командирлер бар».

«Хезболланы» АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар. Уюмдун Сирия жана анын башчысы Башар Асад менен да байланышы бар экени айтылып келет.

Израил армиясы да, андан кийин «Хезболла» өзү да Хасан Насралла 27-сентябрда Ливандын борбор калаасы Бейрутта жапырт авиачабуулдан каза болгону тууралуу маалыматты расмий тастыктаган. (RK)

XS
SM
MD
LG