Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:16

Жалал-Абаддагы ири мунай заводу жаңыланат


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абаддагы мунайды кайра иштетүүчү “Кыргыз Петролеум Компани” заводун модернизациялоону баштоо иш-чарасына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Президент заводду модернизациялоо өлкө экономикасы үчүн маанилүү экенин белгилеп, долбоорду ишке ашырууда энергетикалык коопсуздукту камсыздоо менен мунай тармагындагы өнүгүүгө шарт түзүлөрүн айтты.

Жапаровдун маалыматында, учурда Кыргызстан жылына 1,4 млн тонна бензин жана дизель керектейт. Аталган завод керектөөнүн 6,5% гана жабат. Алдын ала эсептөөлөр боюнча завод модернизациялангандан кийин өндүрүштүн көлөмү өсүп, муктаждыктын 32% камсыздай алат.

Президент айткан маалыматка таянсак, мунай иштетүүчү заводду модернизациялоого жумшала турган жалпы инвестициянын көлөмү 410 млн долларды түзөт. Анын 200 млн доллары тышкы инвестиция, 110 долларын кыргыз өкмөтү каржылайт. 100 млн долларды “Кыргызнефтегаз” ишканасы бөлөт.

Садыр Жапаров завод жаңылангандан кийин Евразиялык экономикалык биримдиктин стандарттарына жооп берген жогорку сапаттагы күйүүчү май өндүрө баштарын белгиледи.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, “Кыргызнефтегаз” жана “ПетроКыргызстан” биргелешип “Кыргыз Петролеум Компани” ишканасы түзүлгөн. “Кыргыз Петролеум Компани” өлкөдө мунайды кайра иштетүүчү ири завод. Анда бензин, дизель жана мазут өндүрүлөт.

Кыргыз өкмөтү газ, мунай жана мунай өнүмдөрүн ташуу үчүн улуттук оператор катары "Кыргызнефтегаз" ишканасын 2022-жылы түзгөн. Учурда Кыргызстан мунайды Орусиядан сатып алат. (TSh)

XS
SM
MD
LG