Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:19

Кара-Кулжада кайберен аткан деген шек менен төрт адам кармалды


Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.
Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.

Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айылындагы Көк-Маңдай жайлоосунан кийик аткан төрт жаран кармалды. Бул тууралуу "NABU Кыргызстан" уюмунун Түштүк бөлүмүнөн билдиришти.

Аларды уюмдун “Барс-2” тобунун жана Экотехинспекциянын Оштогу бөлүмүнүн кызматкерлери пландан тышкары биргелешкен атайын рейдинин алкагында колго түшүргөн.

Маалыматка ылайык, шектүүлөрдүн куржунунан кийиктин эти жана төрт даана аңчылык куралы чыккан. Акт түзүлүп, андан ары териштирүү максатында укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.

Сентябрь айынын башында "NABU Кыргызстан" уюмунун “Барс” тобунун кызматкерлери Чүй облусундагы “Чоң-Кемин” мамлекеттик жаратылыш паркынын адистери менен биргеликте Көк-Ойрок тилкесинен мыйзамсыз тоо теке аткан жарандарды кармашкан. Бул иш боюнча да акт түзүлүп, Кемин райондук милициясына өткөрүлүп берилген.

Быйыл июль айында Кыргызстандагы жапайы жаныбарларды мыйзамсыз аткандарга салынуучу айып пулдун суммасы жогорулатылган. Тоо текени уруксатсыз атканга мурда 100 миң сом айып пул салынса, азыр 300 миң сомго көтөрүлгөн. Ал эми мамлекеттик жаратылыш парктарында же корук зоналарында мыйзамсыз аткандарга бул акчанын эки эселенген суммасы салынат.

"NABU Кыргызстан" уюму жапайы жаныбарларды, экологияны коргоо жаатында иштейт.

2021-жылдагы маалыматтарга ылайык, жыл сайын Кыргызстанда аңчылык кылууга 700 баш тоо теке, 120 аркар-кулжа жана 60тай каман атууга лицензия берилет. Өлкөдө аңчылык тармагында 52 уюм бар, көбү жеке менчик. Алар негизинен чет өлкөлүк жарандарга аңчылык уюштурат.

“Кызыл китепке” кирген жаныбарларга аңчылык кылууга уруксат жок. Расмий эсепте Кыргызстандын тоо-токойлорунда 46 миң баш кайберендин түрү, 3 миңден ашуун каман бар. Мындан тышкары “Кызыл китепке” киргизилген Марко Поло, Тянь-Шань жана Северцев аркарларынын саны 16 миңден ашат. (SE)

XS
SM
MD
LG