Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:10

Кыргызстанга ташылган күйүүчү майдан Жол фондуна акы алуу сунушталды


Баткен облусу.
Баткен облусу.

Министрлер кабинети Кыргызстанга ташылып келген күйүүчү-майлоочу майдын литринен бир сомдон салыктык эмес жыйымдарды алып, Жол фондуна топтоону сунуштап жатат. Бул тууралуу мыйзам долбоору 23-сентябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында каралды.

Долбоорду баяндаган транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Кыргызстанда автоунаалардын саны 2020-жылга салыштырганда 15% көбөйгөнүн, салынган жолдор каржы булактарынын жетишсиздигинен жетиштүү каралбай калып жатканын белгиледи.

“Учурда өлкө аймагындагы 34 миң чакырымдан ашуун жол болсо, анын 19 миң чакырымы министрликтин карамагында. Сунушталган мыйзам долбоору кабыл алына турган болсо, жолдордун баарын өзүбүздүн балансыбызга алабыз. Айыл өкмөттөрдүн карамагындагы жолдордун баарынын сапаты начар, ага жергиликтүү өкмөттүн бюджети жетишсиз”, - деди Сыргабаев.

Министр билдиргендей, өлкөгө жылына 1 миллион 700 миң тоннадан ашык күйүүчү май ташылып келет жана анын ар бир литринен бир сомдон алынганда, Жол фондуна 1 миллиард 700 миллион сом түшөт.

Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, учурда Жол фондунда 4 миллиард сомго жакын каражат бар. Алар автотранспортторду каттоо, өткөрмө бекеттерден түшкөн жана автоунааларга байланыштуу жыйымдардан, айып пул, грант, күйүүчү майга салынган акциздик салыктын 5% ашпаган суммасынан түшөт.

Депутат Элдар Абакиров учурда Жол фондуна бир катар жыйымдар аркылуу каражат түшүп жатканын айтып, сунушталган долбоорду кайталанма деп мүнөздөдү:

“Жол фондуна күйүүчү майдын акциздик салыгынын 5% ашпаган бөлүгү азыр эле түшөт экен. Сиздердин сунуш кайталанган салык болуп атат. Мисалы, Салык кызматы ташып келинген күйүүчү майдын тоннасынан 5000 сомдой салык алат, Транспорт министрлиги ошол эле көлөмдүн ар бир литринен кайрадан бир сомдон алып, Жол фондунан салып жатасыздар. Акча көбөйсүн, бирок элди бир эле нерсеге эки жолу төлөтүп атабыз”.

Дагы бир депутат Дастан Бекешев салыктык эмес жыйымдар кире турган болсо, автоунааны каттоодогу төлөмдү жокко чыгарууну, жарандардын канча аралыкта машине айдаганына карап, Жол фондуна акча төлөй тургандай система киргизүүнү сунуштады.

Айрым депутаттар Кыргызстан тыштан алган карызынын жарымын жол курууга салганын белгилеп, жолдорду тейлөөнү жакшыртуу үчүн мыйзам долбоорун колдой турганын билдиришти.

Комитеттин жыйынында мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду 2022-жылдын январь айында түзүлгөн. Мындай чечим жолдорду оңдоо максатында кабыл алынган. (TАb)

XS
SM
MD
LG