Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:10

Баткен: чек арадан аткезчилик менен акча, дары алып өткөндөр кармалды


Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери чек арачылар менен биргелешип 2024-жылдын 12-сентябрында Тажикстан менен чек арадан ири суммадагы каражат алып өтүп бараткан адам кармалганы кабарланды.

Милициянын маалыматында чек аралаш аймактан кармалган Кара-Бак айлынын 44 жаштагы М.А. аттуу тургуну кошуна өлкөдөн 1 810 000 орус рублин алып өтүп бара жатканда колго түшкөн.

Окуя боюнча Баткен милициясынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, кармалган жаран тергөө кызматына камсыздалып берилди.

Ушул эле күнү Лейлек районунун Тажикстан менен чек аралаш аймагында аткезчилик жол менен Тажикстандан 2 млн сомдон ашыкка бааланган мыйзамсыз дары алып кирген Кыргызстандын эки жараны кармалды.

Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын 2021-жылдын апрель-май айындагы куралдуу жаңжалдан кийин “чек аралар такталганга чейин” деген жүйө менен бир тараптуу жапкан. Кыргыз-тажик чек арасында маал-маалы менен аткезчилик жол менен дары-дармек, мал-жандык жана накталай акча ташыгандар кармалып турат. (JsA)

XS
SM
MD
LG