Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:49

Орусиянын Курскидеги контрчабуулу боюнча маалымат жарыяланды


Курск облусу.
Курск облусу.

АКШда жайгашкан Согушту изилдөө институту (ISW) украин аскерлери айрым айылдарын ээлеп турган Курск облусунда Орусиянн соңку эки күндөн бери жүргүзүп жаткан контрчабуулу боюнча баяндамасын жарыялады. Бул операциянын кандайдыр бир жыйынтыгы тууралуу азырынча так айтуу мүмкүн эмес экенин белгилеген институт орус армиясы украиндер көзөмөлдөп турган райондорунда масштабдуу чабуулга камдана баштаган болушу ыктымалдыгын эскертти.

Институттун 11-сентябрдагы маалыматына караганда, орус аскерлери Коренево кыштагынын чет жакасындагы Журавли деген калктуу конуштун чыгышындагы айрым позицияларды өз көзөмөлүнө кайтарып алышты. Бир күн мурда алар Снагость кыштагынын түндүк тарабында алдыга жылышкан.

Орусиянын расмий булактарына таянган эксперттер Курск облусунун украиндер кирип барган Краснооктябрьское, Комаровка, Вишневка, Апанасовка, 10-й Октябрь, Обуховка, Бяхово, Внезапное, Гордеевка жана Ольговка кыштактары азыркы тапта кайрадан орус армиясынын карамагында экенин айтып жатат.

Буга жооп катары, ISW маалымдагандай, Украина Снагость кыштагынын батыш тарабында жаңы чабуулдарды коюуга аракет кылды.

Институттун талдоочуларынын пикиринде, Орусия Курск аймагындагы украин аскерлерин бөгөттөп, андан кийин жакшыраак уюшулган жана мыктыраак техника менен камсыз кылынган чабуулун баштап, аларды толук сүрүп чыгарууга камынып жаткан болушу мүмкүн.

11-сентябрда украиналык DeepState OSINT-ресурсу Орусиянын Курск облусундагы айрым жерлерди көзөмөлдөп турган украин аскерлеринин абалы оорлогонун жазган.

Украина Курскидеги соңку абал боюнча расмий маалымат бере элек.

Украин аскерлери Орусиянын чектеш Курск аймагына 6-августта кирип барышкан. Киев Курск операциясы башталгандан бери бул облустун дээрлик 1200 чакырымдай тилкесин көзөмөлгө алууга жетишкенин билдирген. Негизги максаты өз жерин Орусиянын чабуулдарынан коргоо үчүн “буфердик зона” түзүү, согуш жана жоготуу деген эмне экенин орус тарапка да жеткирүү экенин белгилеген.

Орусия айрым райондорун украиндер ээлеп алганын, бир нече жараны каза тапканын тастыктап, ал жакта өзгөчө кырдаал жарыялаган, жергиликтүү тургундарын эвакуациялаган. (RK)

XS
SM
MD
LG