Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:59

Мэрия окуу графиги жылгандан кийин тыгын азайганын билдирди


Бишкектеги тыгын. (Архив)
Бишкектеги тыгын. (Архив)

Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелеринин иш тартибин өзгөртүү менен шаардагы жол тыгыны азайды. Бул тууралуу мэриядан "Азаттыкка" 12-сентябрда маалымдашты.

Ага ылайык, борбор калаада 121 мектепте 228 миңден ашуун бала окуса, анын ичинен 90,5 миң бала өзү жашабаган аймактагы мектепке барат. Чүй облусунун айылдарынан 7 842 окуучу шаарга келип окуйт.

Бишкекте 136 кесиптик жана жогорку билим берүүчү окуу жайларда 167 727 студент бар.

"1-сентябрдан тартып шаардагы 121 мектептин 44ү саат 7:30дан тартып окууга өттү. Жогорку окуу жайларда сабактар негизинен саат 10:00дө башталат. Ушундан улам мектеп окуучуларынын 40% окууга баруу үчүн жолго 6:30-7:00дө чыгышат. Калган 60% 7:00-7:30 чамасында чыгышат. Бул эртең мененки кымгуут учурунда шаардагы жолдордо автоунаалардын жана автобустардын бирдей жүрүшүнө шарт түздү", - деп белгиледи мэрия.

Шаар бийлиги студенттердин 10:00дөн тарта окуй баштаганы да коомдук транспорттогу тыгынды азайтууга мүмкүнчүлүк берди деп эсептейт.

"Студенттердин 30% өз автоунаасы менен сабакка барат. Алар саат 9:00дө жолго чыгышат. Демек, жолдордогу автоунаалар кымгуут учурда 30% азайды деп айтууга болот", - деп жазылган мэриянын маалыматында.

Шаар бийлиги коомдук транспорт - автобустар түнкү саат 12ге чейин жүрүп жатканын кошумчалады.

Июлдун соңунда Министрлер кабинетинин токтому менен Бишкектеги мектептерде сабактар саат 8:00дөн эрте башталмай болгон. Ошол эле документте борбор калаадагы кесиптик билим берүү мекемелеринде окуу саат 10:00дөн эрте башталбашы керектиги жазылган.

Бишкек шаарынын мэриясы жаңы окуу жылынан баштап калаада 44 мектепте сабактар саат 7:30да башталарын билдирген.

Бишкекте жаңы графикке нааразы болгон студенттер петицияга кол топтой баштады.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары да 11-сентябрдагы отурумда окуучуларды жана студенттерди үч смен менен окутуу чечимин сындап, аны жокко чыгарууну сунушташты.

  • Социалдык тармактарда, коомчулукта, парламентте сентябрдан тартып тыгын азайбай, кайра күч алганын, мурда бат жетчү райондорго баруу үчүн азыр сааттап тыгында турушканын айтып, жазгандар, сүрөт-видеолорун жарыялагандар көп. Тыгын маселесин чечүү талабы ушул аптада парламентте да көтөрүлгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG