Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:16

ДКО-2024: Кыргызстан көкпардан Түркияны жеңип, финалга чыкты


Астанада өтүп жаткан беттеш учуру.
Астанада өтүп жаткан беттеш учуру.

Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын көкпар командасы финалга чыкты. 10-сентябрдагы жарым финалда кыргызстандык улакчылар Түркиянын командасын 15:1 эсебинде жеңди.

Финалда Кыргызстандын командасы ким менен ойноору Казакстан менен Орусиянын жарым финалдагы беттешинен кийин белгилүү болот.

10-сентябрда Казакстан чейрек финалда АКШнын командасын 12:4 эсебинде жеңген. 9-сентябрда Кыргызстан Өзбекстанды 12:6, ал эми Монголияны 16:0 эсебинде утту.

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрда расмий ачылды. Ага 90дой мамлекеттен 2,5 миңдей спортчу катышууда. Спорттун 21 түрүнөн мелдештер өтөт. Көк бөрүдөн жана көкпардан мелдештер өзүнчө өтүп жатат. Жыл башында көк бөрү оюндардын программасына кирбей калган эле. Кийинчерээк кайра кошулган.

Улуттук спорттун түрлөрүнөн мелдештер Астананын алты жериндеги стадион жана комплекстерде өтүүдө. Жалпы 97 комплект медал ойнотулат. V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан 253 спортчу барган.

Көмөндөрдүн оюндарын камтыган иш-чараны уюштуруу демилгесин Кыргызстан 10 жыл мурун көтөрүп, өзү үч ирет өткөрүп, төртүнчү жолу Түркияда уюштурулган эле. (GT/ZKo)

XS
SM
MD
LG