Эрхан Комсомол айылындагы орто мектептин 9-классында окуган, алты бир туугандын улуусу эле. Класс жетекчиси Назгүл Имашова аны орто окуган, жүрүм-туруму жакшы бала эле деп эскерди:
“Мен бул классты 2-сентябрда эле алдым. Жаңы класс жетекчи болгонум үчүн ал тууралуу көп деле билбейм. Мектеп чакан болгону үчүн балдарды көрүп-билип турабыз. Эрхандын жүрүм-туруму жакшы болчу. Ата-энеси, бала өзү да намаз окушчу. Сабактагы жетишкендиктери орточо болчу. Анын сөөгүн ата-энеси туулуп өскөн Кара-Кулжа районуна алып кетишти. Ата-энеси ошол жакта, мектепке келе элек”.
15 жаштагы окуучунун өмүрү кыйылган окуянын чоо-жайын сурап, Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турум Сатарбаевага кайрылдык. Анын сөзүнө караганда, каргаша 5-сентябрда түшкө жуук сабактан кийин болгон. Ал күнү Эрхандын сабагы күндүзгү саат 11:05те бүткөн экен.
“Айылда жүгөрү эгилген чоң талаага окуучуларды эки чоң бала чакырып кетиптир. 23 бала ошол жерге барган. Ал жерде балдарды “биз силерди тарбиялайбыз” дегенби, аларды көкүрөккө ура баштаган. Ошол маалда Эрхан жерге кулап түшөт. Балдар ызы-чуу түшкөндө аларды чакырган эки бала коркутуп, “бизди келди деп айтсаңар, силерди да сабайбыз” деп айтышыптыр”, - деди Сатарбаева "Азаттыкка" телефондон.
Талаада таяк жеп аткан балдар мектепке чуркап келип, мугалимдерге Эрхандын эс-учун жоготуп, жыгылып калганын айтышкан. Мугалимдер "Тез жардам" чакырып, өздөрү окуя болгон жерге барышат. Ал жерге келген дарыгерлер Эрхандын өмүрүн сактап калууга кеч болуп калганын айтышат.
"Азаттыктын" кабарчысы Эрхандын апасы менен байланышканда ал уулунун өлүмү менен аяктаган окуя тууралуу сүйлөп бере албай турганын айтып, комментарий берүүдөн баш тартты. Маркумдун башка жакындары менен байланышууга мүмкүн болгон жок.
Чүй облустук милициясы ошол эле күнү баланын өлүмүнө шектүү кармалганын кабарлады. Тергөөнүн жүрүшүндө Эрхандын классташтары суралганын облустук милициянын басма сөз кызматынын улук тескөөчүсү Канатбек Мажиев “Азаттыкка” маалымдады.
“Бул факты боюнча Сокулук райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин “бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 2008-жылы туулган Б.С. аттуу жаран кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө иш Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесине ("Ден соолукка оор залал келтирүү") өзгөртүлдү. Сокулук райондук соту шектүүнү эки айга камакка алуу боюнча чечим чыгарган. Учурда бардык соттук-медициналык экспертизалар дайындалган, тергөө уланууда”.
Мажиев Сокулуктагы бул окуяда шектүү катары бир өспүрүм кармалганын бышыктап, тергөөнүн жүрүшүндө жаңы жагдайлар аныкталса кошумча маалымат берилерин айтты.
Кармалган шектүүнүн жакындары же адвокаты азырынча комментарий бере элек. "Азаттык" анын жакындарын табууга аракеттенгени менен, азырынча майнап чыккан жок.
Кыргызстанда мектептеги балдардын мушташы, өлүм менен аяктаган окуялар буга чейин да катталган. Быйыл мартта Жалал-Абад облусундагы Сузак районунда 9-класстын окуучулары мушташып, 15 жаштагы улан каза тапкан. Окуяга тиешеси бар деген негиз менен 10-класстын төрт окуучусу кармалган.
Эми Эрхандын өлүмү өлкөдө өспүрүмдөр арасындагы ыдык көрсөтүү, чоңсунуу маселесин кайра күн тартибине чыгарды. Социалдык тармактарда да бул маселе талкууланып жатат.
Билим берүү боюнча адис Асылбек Жоодонбеков мындай каргашалуу окуялар азайышы үчүн коомдо агрессияны жактаган түшүнүктөр жоюлушу керек деген пикирде:
“Эң биринчи кезекте ата-энелер балдарга гумандуу мамиле кылганды, аларды укканды үйрөнүшүбүз керек. Коомдо “боло берет” деген түшүнүк бар. Мисалы, “биз да таяк жеп чоңойгонбуз, адам ушинтип бышат” деп агрессияны жактагандар бар. Мындай терс көрүнүшкө каршы коом терс реакциясын көрсөтүшү керек. Укук коргоо органдары да буга жол бербей тургандай чараларды күчөтүп, көзөмөлдөп турушу шарт”.
Былтыр күзүндө президент Садыр Жапаров окуучулар арасында криминалдын өкүлдөрүн үлгү туткандар бар экенин белгилеген.
Кыргызстанда мектеп курагындагы балдар, өспүрүмдөр арасында чоң муштумдук, өкүмзордук маселеси дайыма талкууланып келет. Мындан беш жыл мурун ЮНИСЕФ уюму кыргызстандык окуучулардын 83% мектепте курбуларынын зомбулугуна кабылганын айтышканы тууралуу баяндама чыгарган. Ички иштер министрлиги жыл өткөн сайын мындай көрүнүш кыскарганын билдиргени менен, окуялар дагы эле катталып келет.