Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:19

Паралимпиада-2024: Маматибраим Суранов алгачкы беттешинде жеңилди


Маматибраим Суранов.
Маматибраим Суранов.

Париж Паралимпиадаcында кыргызстандык Маматибраим Суранов бүгүн, 6-сентябрда парадзюдодон 73 килограммга чейинки салмакта мелдешке чыгып, алгачкы атаандашы өзбек балбаны Шахрух Мамедовго 10:1 эсебинде утулду. Муну менен Суранов паралимпиададагы мелдештерин жыйынтыктады.

Маматибраим Суранов Париж Паралимпиадасына дзюдодон жолдомо алган кыргызстандык жалгыз спортчу. Ал 2021-жылы Казакстанда өткөн Азия-Океания ачык чемпионатында коло медал, 2023-жылы Португалияда өткөн Гран-При мелдешинде коло, ушул эле жылы Казакстанда өткөн Азия чемпионатында да коло медал уткан. ⁣⁣⠀

Париждеги Паралимпиада оюндары 28-августа башталган. Кыргызстандан бул оюндарга төрт спортчу катышууда.

1-сентябрда кыргызстандык Гүлназ Жүзбаева пара жеңил атлетикадан 1500 метр аралыкка чуркап, 13-орунду ээледи. Ал 1500 метрге чуркоодо T11 категорияда жарышка чыгып, коштоочусу Юлия Фернас менен 1500 метр аралыкты 6 мүнөт 11.36 секундда чуркап өттү. Жүзбаева бул көрсөткүч менен көзү азиз спортчулардын арасында жаңы улуттук рекордду жаратты.

Айтунук Жоомарт кызы 2-сентябрда аялдар арасында триатлондон жарышка чыгып, 11-орунду ээледи. Жоомарт кызы паратриатлондон көзү азиз спортчулар арасында PTVI категориясында мелдешке чыкты. Бул категорияда 11 спортчу катталган.

Паратриатлондо спортчулар 150 метрге сууда сүзүп, 20 чакырым велосипед менен дагы 5 чакырым жөө чуркашат. Айтунук Жоомарт кызы коштоочусу Ангелина Блиндул менен жалпы көрсөткүчтө 1 саат 25 мүнөт 36 секундада марага келген.

Паралимпиада оюндары 8-сентябрга чейин уланат. Оюндардын акыркы күнүдө дагы бир кыргызстандык спортчу Миргүл Болоталиева парапауэрлифтингден 86 килограммга чейинки салмакта мелдешке чыгат.

Ушу тапта медалдар топтомунда Кытай курамасы 74 алтын, 55 күмүш, 39 коло медалы менен биринчи орунда келе жатат. Экинчи орунда 38 алтын, 30 күмүш, 19 коло медал уткан Улуу Британиянын курама командасы, үчүнчү орунда 27 алтын, 33 күмүш, 18 коло медал уткан АКШ курамасы турат.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн өзбекстандык спортчулар 8 алтын, 6 күмүш, төрт коло медал утуп, 12 орунда турат. Казакстандык паратлеттер эки алтын, эки күмүш, бир коло медал утуп, 34-орунда келе жатат.

XVII Жайкы Паралимпиада оюндарына дүйнө жүзүнөн 4400дөн ашуун спортчу катышып, спорттун 22 түрүнөн байге үчүн ат салышууда. (GT)

XS
SM
MD
LG