Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:21

Париждеги Паралимпиадада казакстандык Акмарал Науатбек алтын медал тагынды


Париждеги Паралимпиада оюндарында алтын алган казакстандык спортчу Акмарал Наутбек. 6-сентябрь, 2024-жыл.
Париждеги Паралимпиада оюндарында алтын алган казакстандык спортчу Акмарал Наутбек. 6-сентябрь, 2024-жыл.

Казакстандык спортчу Акмарал Науатбек Парижде өтүп жаткан Паралимпиада оюндарында алтын медал жеңди. Ал көзү азиз спортчулар катышкан J2 категориясында парадзюдодон 48 кг салмакта финалда франциялык Сандрин Мартинени утту.
Казакстандын Улуттук Олимпиада комитети билдиргендей, Казакстандын капчыгында учурда төрт медал бар. Париждеги Паралимпиадада алгачкы алтынды парапауэрлифтинг боюнча Давид Дегтярев алган.

Казакстан Париждеги Паралимпиада оюндарына 44 спортчудан турган делегация жиберген. Андан тышкары казакстандык пара-атлеттер бир күмүш, бир коло медал байге алышты.

28-августта башталып, 8-сентябрга чейин улана турган XVII Жайкы Паралимпиада Франциянын борбору Париж шаарында өтүп жатат. Ага дүйнө жүзүнөн 4400дөн ашуун спортчу катышып, спорттун 22 түрүнөн байге үчүн ат салышат.
Кыргызстандан бул оюндарга алгачкы жолу төрт спортчу катышууда.

XS
SM
MD
LG