Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:07

3-сентябрь: Адыл Акжол уулуна дагы бир айып тагылды, "Сахароводо" тинтүү жүрүп жатат


Сүрөт Адыл Акжол уулунун Фейсбуктагы баракчасынан алынды.
Сүрөт Адыл Акжол уулунун Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

3-сентябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Миң-Кушта уран калдыгын ташыган дагы бир автоунаа кырсыкка кабылды

3-сентябрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо Жумгал районунун Миң-Куш айылында уран калдыктарын ташыган дагы бир оор жүк ташыган автоунаа кырсыкка кабылганын айтты. Ал жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу Медер Машиевди бул маселеге көңүл бурууга чакырды. Жумгал районунун акими Адыбек Набиев “Азаттыкка” кырсык болгонун ырастады. Миң-Куш айылында быйыл 1-июнда “Туюк-Суу” уран калдыгын сактоочу жайдан уран калдыктарын ташып иштеген “HOWO” үлгүсүндөгү оор жүк ташыган машина кырсыкка кабылып, сайга кулап түшкөн.

Президент “Клооп Медианын” жабылышы боюнча комментарий берди

Президент Садыр Жапаров “Клооп Медиа” фондун жоюу боюнча Жогорку соттун чечимине комментарий берди. Мамлекет башчынын бул маселе жана Кыргызстандагы сөз эркиндиги тууралуу чакан маеги 3-сентябрда “Кабар” улуттук агенттигине чыкты. Садыр Жапаров “Клооп Медиа” жабылганы тууралуу кабарды жалпыга маалымдоо каражаттарынан окуганын, Кыргызстанда сөз эркиндиги буга чейин да болгонун жана мындан ары да боло берерин айтып, “Болгону чындыкты чындыктай айтып турса ким болбосун баарын колдой беребиз. Анархия, ушак-айың, жалган маалыматтарды таратуу бул сөз эркиндиги эмес”, - деди. Жогорку соттун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы 16-июлда “Клооп Медиа” коомдук фондун жоюу боюнча акыркы чечимди кабыл алган. “Клооп” соттун чечимдерине макул эмес экенин билдирип келет.

Адыл Акжол уулуна дагы бир кылмыш иши козголду

Ош облустук ички иштер башкармалыгы Ошто бир ишкердин арызы менен Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) директорунун мурдагы орун басары Адыл Акжол уулуна каршы дагы бир айып тагылганын билдирди. Маалымат караганда, ушул жылдын 22-июлунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына журналистке каршы жеке ишкер арыз жазган. Ал ишканасына байланыштуу тартылган видеону Ютуб каналынан өчүрүү үчүн Адыл Акжол уулу көп суммадагы каражат талап кылып жатканын билдирген. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Адыл Акжол уулу кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 5-августтагы чечими менен 4-октябрга чейин камакка алынганы 12-августта белгилүү болгон. Буга чейин ага “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган.

Өкмөт үйүнүн мурдагы имараты эки министрликке берилди

Президенттин администрациясынын Токтоболот Абдумомунов көчөсүндө жайгашкан мурдагы имараты Тышкы иштер министрлиги менен Экономика жана коммерция министрлигине берилди. Ал эми президенттин администрациясы “Ынтымак Ордого” көчтү. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев буга чейин жаңы салынган Ак үйдүн маңдайына 19 имараттан турган өкмөттүк шаарча курула турганын айткан. Бишкектин түштүк бөлүгүндө, мамлекеттик резиденцияга жакын жайгашкан “Ысык-Көл” мейманканасы 2021-жылдын аягында бузулган. Анын ордуна “Ынтымак Ордосу” деп аталган президенттин администрациясынын имаратынын курулушу 2022-жылы башталып, быйыл август айында аяктады.

Украина: Полтавада орус армиясынын соккусунан 40тан ашуун киши набыт болуп, 180ден ашууну жараат алды

Алдын ала маалыматка караганда, калаага эки баллистикалык ракета менен сокку урулган. Байланыш институтунун имараттарынын бири жарым-жартылай талкаланган. Ошондой эле соккунун бири ооруканага тийген. "Полтава үчүн абдан кайгылуу күн", - деп жазган Полтава облусунун башчысы Филипп Пронин калаа тургундары кан тапшырып жатканын билдирди. Чабуулдун чоо-жайы тууралуу маалымат берген жок. Орусиялык аскердик Телеграм-каналдары Полтавага "Искандер-М" ракеталары менен чабуул жасалганын жазышты.

БУУ Иранда бир айда 93 кишинин дарга асылышы боюнча тынчсыздануусун билдирди

Муну менен жыл башынан бери өлүмгө өкүм кылынгандардын саны 400дөн ашканы маалым болду. БУУ Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы бул көрсөткүчтүн улам өсүп баратканына тынчсыздануусун билдирди. Анткени июль айында 45 кишинин дарга асылганы кабарланган. Башкармалык Иранды өлүм жазасына өкүм кылынгандарды дарга асууну токтотууга чакырды. Маалыматка караганда, өткөн айда бул оор жазага тартылгандардын көбү маңзатка байланыштуу кылмыштар менен камалгандар болгон.

Нетаньяху барымтада өлгөндөрдүн жакындарынан кечирим сурады

Израилде ХАМАСтын (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) барымтасындагы туткундарды бошотуп, тынчтык келишимине кол коюу талабы менен ири масштабдагы акциялар өттү. Соңку бир нече күндөн бери уланып жаткан толкундоолорго террорчулардун колунда алты туткундун өлтүрүлүшү түрткү болду. Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху дүйшөмбүнүн кечиндеги маалымат жыйында алты туткундун өмүрүн сактап кала албаганы үчүн кечирим сурады. Нетаньяху ошондой эле ХАМАСты толук жок кылмайынча тынчтык орнотуу мүмкүн эмес экенин белгилеп, Газа тилкесиндеги аскердик операцияны улантуу ниетин билдирди. Алты туткундун сөөгү 30-август, 1-сентябрь күндөрү анклавдын түштүгүндө табылган.

Орусиянын Тергөө комитети "Сахароводо" тинтүү жүргүзүп жатат

Орусиянын Тергөө комитети Москванын четиндеги "Сахарово" борборунда тинтүү жүргүзүп жатат. Мекеменин маалымат катчысы Юлия Иванова 3-сентябрда билдиргендей, рейд алдамчылык иши боюнча өткөрүлүп жатат. РБК басылмасы өз булактарына таянып жазгандай, "Сахаровонун" кызматкерлери 30 миң рублга ал жактагы мигранттарды туугандары менен жолуктуруп, тез арада бошотулушуна көмөк көрсөтүүнү убада кылышкан. Shot Телеграм-каналы кеп чет элдиктерди каттаган борбордун эки инспектору тууралуу болуп жатканын жазды. 112 Телеграм-каналы кабарлагандай, инспекторлордун өз кишилери борбордун жанында эле камактагыларды туугандары менен жолуктуруу үчүн беш миң рубль сурап турушкан. Учурда шектүүлөр сурак берип жатканы маалым болду. Буга чейин көптөгөн мигранттар, анын ичинде кыргызстандыктар "Сахароводо" кыйноого, мазактоого дуушар болгонун айтышкан. Алтургай борбордун кызматкерлери кармалгандарды уруп-сабаган да учурлар болгону кабарланып келет. Андан тышкары "Сахароводо" мигранттарды Украинадагы согушка азгырышары айтылып жүрөт.

Казакстанда АЭС боюнча референдумду өткөрүүгө 32 миллион доллар сарпталат

2-сентябрда казак президенти Касым-Жомарт Токаев референдумду 6-октябрга белгилеген буйрукка кол койгон. БШК эсебинде бул сумманын 71% шайлоо комиссиясынын 70 миңдей кызматкерине төлөнөт, 21% ар кандай коммуникациялык иш-чараларга, көрнөк-жарнак, бюлеттендерге коротулат. Маалыматка караганда, өлкө боюнча добуш берүүгө укуктуулардын саны 12 миллиондон ашат. Бул үчүн коңшу өлкөдө 10 миң жана чет жактарда 78 шайлоо бекети ачылат. Референдумга бир гана "Казакстанда атомдук электр станция курулуш керек дегенге кошуласызбы?" деген суроо коюлат. Казакстандыктар арасында АЭС куруу жаатында талаш бар. Буга чейин өткөн коомдук талкууларда макул жана каршылар бир пикирге келе алган эмес.

XS
SM
MD
LG