Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

Волгоград: Тополоңдо төрт түрмө кызматкери набыт болду


Тополоң чыккан түрмө. Абактагылар тарткан видеодон алынган кадр.
Тополоң чыккан түрмө. Абактагылар тарткан видеодон алынган кадр.

23-августта Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы (ФСИН) Волгограддын түштүк-батышындагы түрмөдө тополоң чыгып, түрмөнүн төрт кызматкери набыт болгонун билдирди. Кызматкерлерди барымтага алгандар борборазиялыктар экени кабарланууда. Тополоң чыгаргандар жок кылынганы маалым болду.

Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы тополоңдо түрмөнүн төрт кызматкери набыт болгонун билдирип, жакындарына көңүл айтты. Андан тышкары мекеме кабарлагандай, барымтадагыларды бошотуу операциясында жазасын өтөп жаткан төрт киши жараат алды.

Түрмөдө эмне болду?

Москва убактысы боюнча саат 16.30да "Осторожно, новости" жергиликтүү тургундарга таянып, колония тараптан атылган октун үнү угулганын жазды. Саат 16.48де колонияга чабуул башталганы тууралуу кабар келе тарады.

Коопсуздук күчтөрүнө жакын Маsh жана Shот каналдары колониянын аймагы Федералдык жаза аткаруу кызматынын көзөмөлүндө экенин кабарлашты. Маалыматка караганда, барымтага алгандар жок кылынды. Алардын бири кол салуу учурунда өзүн жардырууга аракет кылган. Ал колго жасалган жардыргыч заттар толтурулган күрмө кийип турганын, детонатор иштебей калып, атайын маанидеги күчтөр атып өлтүргөнү айтылууда.

«База» Телеграм-каналы колонияда тополоң чыгарган делген төрт кишинин кылмыш иштеринин чоо-жайын жана сүрөттөрүн жарыялады. Маалымат каражаттары шектүүлөрдүн экөө Өзбекстандын, экөө Тажикстандын жарандары экенин жазышты.

Бул маалымат расмий тастыктала элек.

Темур Хусаинов 2018-жылдын ноябрь айында кармалган. 2019-жылы сот аны адамга "өлүмгө жеткирген оор залал келтирүү" беренеси менен алты жылга күчөтүлгөн режимге кескен.

Рамзидин Тошев "маңзат сатууга аракет кылуу" деген берене менен сегиз жылга эркинен ажыратылган.

Назирчон Тошов 2022-жылдын октябрында "ири өлчөмдө баңгизат сатууга аракет кылган" деп, сегиз жарым жылга кесилген.

Рустамчон Наврузи да шериги менен чогуу "маңзат саткан" деген айып менен жети жылга кесилген.

Күч түзүмдөрүндө байланышы бар Телеграм-каналдар тополоң чыккан түрмөдө тартылган делген видеолорду жарыялашты. Анда төрт киши өздөрүн "Ислам мамлекетинин можахеддери" деп атаганын угууга болот. Телеграм-каналдар тараткан маалыматка караганда, Өзбекстандын жана Тажикстандын төрт жараны кеминде төрт адамды барымтага алган. Ошондой эле видеодо барымтага алынган Жаза аткаруу кызматынын формасын кийген төрт адамды көрүүгө болот.

Дагы бир видеодо барымтага алган адам түрмө кызматкерлери "мусулмандардын басынтып, кыйнаганын" айтат.

Волгоград облусунун губернатору Андрей Бочаров Федералдык жаза аткаруу кызматынын төрт кызматкери ооруканага жаткырылганын, Волгограддагы санитардык авиация жана көмөкчү ооруканалар чукул даярдыкка келтирилгенин билдирди.

"База" басылмасы колониянын башчысы Андрей Девятов баш болгон түрмөнүн беш кызматкери качып чыгууга үлгүргөнүн жазды. Маалыматка караганда, Девятов учурда оор абалда ооруканада. Интерфакс агенттиги үч адам ооруканага жаткырылганын билдирди. ТАСС агенттиги ыкчам кызматтарга таянуу менен бир адам каза болгонун кабарлады.

Маалымат каражаттары колониянын жанында ОМОНдун бөлүктөрү жайгаштырылып, Волгоград облусунун имамы барымтачылар менен сүйлөшүү үчүн келгенин кабарлашты.

Telegram каналдарында барымтага алынган делген адам Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылган видеосу тарады. Ал камактагылардын талаптарын аткарууну суранып, дарыгерге муктаж экенин айтат.

Life жана "Сапа Кавказ" басылмалары түрмөгө атайын кызматтын күчтөрү тартылганын жазышты. "Сапа Кавказ" кабарлагандай, түрмөдө тополоң салгандар эки миллион доллар жана тик учак талап кылууда. Бул маалымат кайдан алынганы азырынча белгисиз. Адамдарды барымтага алуу боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

Жалпысынан бул колонияда 1230 адам отурат.

Бул соңку эки ай ичинде Орусияда абактагылар түрмөнү басып алган экинчи учур. Июнь айында Ростов-на-Дону шаарындагы CИЗО-1ди тергөө абагында кармалып тургандар басып алышкан. Алар "Ислам мамлекети" террордук тобунун тарапкерлери экени айтылган. Анда барымтага алынган эки адам жараат алган. Кол салган алты адамдын бешөө атайын операция маалында жок кылынган.

«Сирена» басылмасы буга чейин аталган СИЗОдо отургандар абак шарттарына нааразы болуп келишкенин жазган. 2020-жылдан бери Ростов-на-Дону сотуна ФСИН кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине даттануулар менен №1 СИЗОго каршы кеминде беш доо түшкөнү, алардын дээрлик бардыгы четке кагылган же кароосуз калтырылганы кабарлаган. Бирок абактагылардын мындай аракеттерине эмне себеп болгону белгисиз.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG