Миграция: Москванын саясаты, Бишкектин аракети
Орус парламентиндеги ЛДПР фракциясынын депутаттар тобу мигранттарга үй-бүлөсүн Орусияга алып кирүүсүнө тыюу салган мыйзам долбоорун сунуштады. Ага чейин ушундай эле өңүттөгү эки документ кабыл алынган. Негизи эле Украинада согуш башталгандан бери Орусия мигранттарга болгон мамилесин катаалдатканы, “Крокус ситидеги” окуядан кийин абал ого бетер курчуганы белгилүү. Кыргыз бийлиги Кыргызстан ЕАЭБге мүчө экенин жүйө келтирип, катаал чаралардын мигранттарга тиешеси болбойт дегенге ишеним артып турат. “Эксперттер талдайт” берүүсүнүн бул чыгарылышынын коноктору: Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлү Эркинбек Каримов, укук коргоочу Турсунбек Акун жана "Инсан-Лейлек" уюмунун өкүлү Нурсултан Карабаев катышат.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 10, 2024
Коррупцияга каршы күрөш: Ташиевдин убадасы, Матраимовдун иши
-
Декабрь 03, 2024
Адвокаттын камалышынын артында эмне жатат?
-
Ноябрь 20, 2024
Жергиликтүү шайлоо: Шаардык кеңештерге кимдер келди?
-
Ноябрь 15, 2024
Жергиликтүү шайлоо: Талапкер суракта, бийликтин жообу
-
Октябрь 10, 2024
11 журналистке чыккан сот өкүмү сөз эркиндигине соккубу?
-
Сентябрь 25, 2024
Акаевдин "экс-президент" макамы: Жогорку Кеңештин жообу