Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:34

Аба ырайы: тоо этектеринде сел жүрөт


19-августта күтүлүп жаткан локалдуу нөшөрлүү жаан-чачындан улам тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

20-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Күңдүз Ысык-Көл, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 30…35

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27 градус жылыйт.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18°, күндүз 30…32° ысыйт.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүз 23…25° жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 18-августта күндүз 22,2°, 19-августта эртең менен 20,9° түздү.


XS
SM
MD
LG