Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:41

Катталбаган телефондор өчүрүлө баштады. Эмнелерди билүү керек?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда каттоодон өткөрүлбөгөн уюлдук телефондор акырындык менен өчүрүлө баштады. Мамлекет мындай жол аркылуу рынокту аткезчилик жол менен келген жасалма телефондордон коргоп, телефондордун уурдалышын жана телефон шылуундугун алдын алууну көздөп жатат. Бирок коомчулукта бул маселенин айланасында абдан көп суроолор бар.

16-августта уюлдук телефондор көп сатылган “Айчүрөк" соода борборунда (ЦУМ) телефону катталбагандыктан өчүп калып кайрылган кардарлардын катары көбөйгөнүн байкаса болот. Кайрылгандардын көпчүлүгү телефондорун соңку бир ай ичинде алганын айтышат:

“Телефонду алганыма бир айдай болуп калды, белек кылышкан. Каттоосу жок окшойт. Түнкү саат экилерде эле байланыш үзүлүп калды. Чалуу келбей да, кетпей да калды. Бирок вайфай менен иштеп жатты. Эртең менен туруп алып эле бул жакка келдим. 600 сом төлөп каттатып алдым”.

Аталган соода борборунда жаңы жана мурда колдонулган телефондорду сатып иштеген ишкерлер бул көрүнүш ишкерлерге кошумча түйшүк жаратып, телефондордун баасынын өсүшүнө алып келиши ыктымал деп чоочулап турушат.

“Каттоого үлгүрбөй калгандар келип жатышат. Башка өлкөлөрдөн таң атпай учуп келип, симкасы иштебей калгандар да түз эле бул жакка келишүүдө. Бизге да кыйын болуп жатат. Мисалы, Кореядан алып келген телефондорду Москвага алып барып сатсаң болот, бирок бул жактагы рынокко каттоосуз сата албай калдык. Жаңы телефондордун баасы да 200 долларга өстү”, - дейт атын атагысы келбеген ишкер.

Телефондорду каттоо жөнүндө талкуу социалдык тармактарда да күчөдү. Айрым колдонуучулар каттоонун жол-жобосу толук түшүндүрүлбөй жатканына нааразы пикирлерин билдирип жатышат.

Бир күн мурда (15-августта) Улуттук коопсуздук комитети абоненттерге СМС билдирүү таратып, 16-августтан тарта Мамлекеттик идентификация системасында милдеттүү түрдө каттоодон өтпөгөн телефондор өчүрүлө баштаарын, телефондордун каттоодон өткөн-өтпөгөнүн алдын ала текшерип алууну эскерткен эле.

“Мамлекеттик идентификациялоо системасы (МИС)” – Кыргыз Республикасына импорттолуучу SIM-карталарды иштеткен түзүлүштөрдү контролдоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык колдонулуучу түзүлүштөрдү каттоо үчүн бардык жыйымдардын, бажы алымдарынын жана салыктардын төлөнүшүн камсыз кылуу үчүн арналган комплекстүү система болуп саналат”, - деп айтылат мекеме тараткан маалыматта.

Ал эми Байланыш операторлор ассоциациясынын аткаруучу директору Салават Ормошевдин айтымында, каттоо өлкөгө аткезчилик жол менен, жасалма телефондордун киргизилишин алдын алып, сатыкка мыйзамдуу алып келинген, пайдаланууга коопсуз телефондордун чыгышын шарттайт. Адис телефондордун баасынын өсүшүн да ушул чаралар менен байланыштырат:

“Мунун негизги максаты - аткезчилик менен киргизилген телефондордун көлөмүн азайтуу. Бардык телефондордун салык жана бажы төлөмдөрүн иреттеп, алардын сапатын жакшыртуу үчүн жасалып жатат деп ойлойм. IMEI-коду менен катталгандан кийин бир гана белгилүү, ишенимдүү өндүрүшчүлөр гана алып келе алат. Ал эми мындан аркы натыйжа кандай болорун айтуу кыйын. Эгер ишкерлер буга чейин бажы, салык төлөмдөрүн төлөбөй эле алып келип жүрүшкөн болсо, эми төлөй башташат. Бул баага таасир этип калат”.

Телефонду каттатуу: Коопсуздук жана купуя маалымат
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:06 0:00

Идентификациялоо операторунун маалыматына караганда, IMEI коддору сакталган базага УКМК ээлик кылат. Эгер уюлдук телефон уурдалган учурда милицияга арыз түшсө, анда ички иштер кызматкерлери уурдалган телефонду аралыктан өчүрүп коё алышат.

Адистер каттоодо телефондордун техникалык мүнөздөмөлөрүн гана камтыгандыктан, жарандардын жеке маалыматтары үчүн кооптонууга негиз жоктугун айтышууда.

Телефондорду каттоо жараяны 25-июндан тарта өлкө аймагына киргизилген бардык телефондорго тиешелүү экенин, ага чейин келген телефондор автоматтык түрдө “ак тизмеге” киргизилгенин телефондорду каттоо милдетин алган “Инмобайлс” жеке компаниясы “Азаттыкка” билдирген. Компания телефондорду каттатууга импортчулар жооптуу болорун белгилеген.

Маалыматка караганда, кыргызстандык жарандар пайдаланып жүргөн телефондор системага акысыз катталат. 25-июндан тартып эки ай ичинде жарандар эки телефонго чейин акысыз каттата алышат. Чет өлкөдөн сатылып алынган телефондорду ишкерлер www.imei.kg. сайтында каттатышы керек.

"Акчабар" басылмасынын маалыматына караганда, 2019-жылдан 2023-жылга чейин өлкөгө 23 млн 827,5 миң телефон аппараты кирген. Ал эми быйыл 4 айда 705 миң телефон алып келинген.

XS
SM
MD
LG